ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ МЕНЕН РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН ПАРТИЯГА БАТПАЙ КАЛГАНЫНА НЕ СЕБЕП?

Фракциянын ичиндеги талаш-тартыш "Ата Мекен" партиясына жетти. Ич ара келишпестиктерден улам "ата мекенчилердин" катарынан эки депутат чыгарылды. Абдрахманов менен Жээнбековдун партияга батпай калгандыгынын себеби эмнеде?

Көптөгөн кайрылуулар, жарандар жана журналисттердин өтүнүчтөрүнөн улам “Ата Мекен” социалисттик партиясы бул маалыматты расмий билдирет.
2012-жылдын 17-мартында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын республикалык Кеңеши партиянын Биринчи Май райондук уюму:
1. Абдрахманов Өмүрбек Абдрахмановичти (26.06.2011);
2. Жээнбеков Равшан Бабырбековичти (14.03.2012) партиянын катарынан чыгаруу боюнча чечимдерин бекитти.
Ошондой эле “Ата Мекен” социалисттик партиясынын республикалык Кеңеши Ө.Абдрахманов жана Р.Жээнбековду партиянын парламенттик фракциясынын катарынан да чыгарып, алардан Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын жана мандатын тапшырууну талап кылды.
Ө.А.Абдрахманов жана Р.Б.Жээнбеков “Ата Мекендин” катарынан партия Уставынын 4.7-пунктуна негизделип чыгарылды. Ага ылайык, партия Уставын бузганда, партияга өз жүрүм-туруму жана аракеттери менен саясий, моралдык жана материалдык зыян алып келген шартта мүчөлүк токтотулат.
Өмүрбек Абдрахмановду “Ата Мекенден” Биринчи Май партиялык уюму өткөн жылдын июнь айында эле чыгарган. Ошол маалда айкөл Манаска, улуттук баалуулуктарга акарат келтирген билдирүүлөрүнө каршы нааразылык толкуну өлкө боюнча жүргөн. Бирок партия Биринчи Май райондук уюмунун Ө.Абдрахмановду катардан чыгаруу чечимине вето койгон.
Анда да Ө.Абдрахманов бүтүм чыгарган жок. "Курманжан датка" жылы деп белгиленген өткөн жылы бул депутат легендарлуу Алай ханышасынын дарегине да ачык шек келтирип, аны шылдың иретиндеги эпитеттер менен атаган.
Ө.Абдрахманов кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпак кийүү боюнча да терс пикирлерин билдирип, 7-апрель курмандыктарын жана баатырларын “жарма патриоттор” деп атаган. Кыргыздын улуу эпикалык Манас баатырын криминалдык авторитетке теңеген.
2012-жылдын башында Ө.Абдрахманов Жогорку Кеңештин өкмөт мүчөлөрү жана журналисттердин катышуусундагы жыйынында айым депутаттарды этикага жатпаган сөздөр менен жемеге алган.
Бул себептен жана партия туурасында чындыкка жатпаган маалыматтарды таратып жүргөнү үчүн бир топ аймактардагы жергиликтүү активисттер аны партиянын катарынан чыгарууну улам-улам талап кылып келишкен.
Ал эми Равшан Жээнбеков туурасында айтсак, бул депутат партияда деструктивдик иш-аракеттерин Ө.Абдрахмановго салыштырмалуу ачык жүргүзбөгөнү менен, “Ата Мекендин” кадыр-баркына да алда канча доо келтирген. Жаңы партиялык системада фракциялар партиянын аткаруу органы катарында кызмат кылат. Депутаттар өз партиялаштарынын жана шайлоочулардын наказдарын аткарууга милдеттүү. Ошондуктан “Ата Мекендин” 18 депутатынын ар бири өзүнө бекитилген белгилүү бир округдагы шайлоочулар менен иш алпарууну көзөмөлгө алат. Бирок парламенттин бир жарым жыл аралыгындагы ишинде Равшан Жээнбеков өзүнө бөлүнгөн эки райондун ишин көзөмөлүнө алмак тургай, бир да ирет барып партиянын жергиликтүү уюмдары жана жергиликтүү калк менен иш алпарбаган. Равшан Жээнбеков партиянын алдындагы өз милдеттерин жана милдеттенмелерин аткарган эмес.
Ушул себептерден улам “Ата Мекендин” Биринчи Май райондук Кеңеши 2012-жылдын 14-мартында Равшан Жээнбековду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алган.
17-мартта республикалык Кеңештин жыйынындагы кеңири талкуудан соң Ө.Абдрахманов жана Р.Жээнбековду “Ата Мекен” социалисттик партиясынын катарынан чыгаруу боюнча Биринчи Май райондук партиялык уюмдун чечими бир добуштан колдоого ээ болду. Мындан ары бул жарандар партиянын да, анын парламенттик фракциясынын да мүчөлөрү эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттарынын мандатын чакыртып алууга болбойт. Бирок бул Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбековду мурдагы партиялаштары алдындагы моралдык жоопкерчиликтен арылтпайт. Бул саясатчылар дайыма шилтеме жасаган демократиялык өлкөлөрдө партия же фракциядан чыгарылган депутаттар, же министрлер ыйгарым укуктарын жана мандаттарын тапшырып кетишет. Бул – абийир маселеси.
2010-жылдын августунда партиялык тизмеге Ө.Абдрахмановду жана Р.Жээнбековду киргизүүгө “Ата Мекендин” съездинин 600 делегатынын жарымына жакыны каршы добуш беришкенин эскерте кетсек ашыкча болбостур. Анда маселе партиянын төрагасынын жеке кепилдиги менен бул эки саясатчынын пайдасына чечилген. Республикалык Кеңештин 2012-жылдын 17-мартында өткөн жыйынында партиянын аймактык уюмдарынын өкүлдөрү бул катачылыгы үчүн Ө.Текебаевди катуу сынга алышты. Төрага өзү да ал катачылыгын моюнга алды.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын басма сөз кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Karakolskiy
2012-03-31 11:01:50
Бирин олуп бирин кал.
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан