Тентек өстү мамалак,
Тентип кетет талаалап.
Энесинен адашып,
Эки жагын каранат.
Топ бадалды аралап,
Тоодон терет карагат.
Көп жеп алып “ичим” дейт,
Көзүнөн жаш салаалап.
Күлбөгүлө табалап,
Кайра үйүн таап алат.
Тентек кылбай экинчи,
Досум болот мамалак.
Кыялбек Урманбетов