КЕЧИР МЕНИ, АСИЯ!

Адатта, бул жерге эки курбу сырдашканы келишчү. Негедир курбусу кечигип жатты. Ойго чөккөн келин курбусу так маңдайына келгенде гана башын көтөрдү.
– Тынччылыкпы?- деди курбусу тигинин жүзүн сактана тиктеп.
– Жок, тынччылык эмес...- деди Асия жылмайганга аракет кылып. Бирок анысы ыйлаганга окшоп турду.
– Илимби? Баягы чын экен да, ээ?
Келин жашын жута баш ийкеди. Калтыраган колдору менен телефонун мыкчый берип, оор улутунуп алды. Чындыгында, Илим экөө адам суктанарлык түгөй болушчу. Атүгүл өң-келбети да окшош эле. Он жыл жашап, эки балалуу болгончо бир дагы кыйшыңын байкаган эмес. Кийинки күндөрү тайсалдап, көзүн ала качып, үйгө батпай калганын байкаса да, маани берген эмес. Ал күйөөсүнө чексиз ишенчү. Анан эле жайдын күнүндөгү жааган кардай болгон бул кабар аны эсеңгиретип койду. Башка айтса да ишенмек эмес. Илим бир күнү келип айтты да койду.
– Ушундай болуп кетти, эми эмне кылайын? Сен акылдуусуң го, Аси, бир нерсе ойлоп тапчы?! Мен бул ишти сага билгизбей чечем дегем. Бирок ал... ал жакында төрөгөнү жатат. Бала болбосо...- деди Илим аялын тике карай албай.
– А мен төрөгөн балдарчы?- деди акырын шыбыраган Асия.
– Алар эми эсепке кирбейби?
Эки колу менен башын кучактаган Илим не кыларын, не дээрин билбеди. Келиндин өзөгү өрттөнүп кетти. Бирок кыйкырып урушканга же ыйлаганга алы келбей томсоруп отура берди. Ошондон кийин экөөнүн жашоосу тозокко айланды. Балдарына билдирбейин деген Асия аларды апасыныкына алып барып салган эле. Эми курбусу менен жолугушуп...
– Эми эмне кылайын деп жатасың?
– Эмне кылат элем? Коё бердим. Тагыраагы, кийимдерин жыйыштырып, үйдөн чыгарып койдум.
– Сен жинди болдуңбу? Илимдей күйөөнү Меккени беш айлансаң да тапайсың. Сен жинди аны коё берсең, тиги жыргап эле күйөө кылып алат.
– Бердим, бактылуу болушсун!
– Көп сүйлөбө, Илим сени сүйөт.
Курбусу менен көпкө сүйлөшүп отурган соң Асия жумушуна жөнөдү. Кирип-кире электе эле ага оор абалда бир келин келгенин кабарлашты. Ошол замат өзүнүн ызасын, шалдырап бутун араң шилтеп келе жатканын унутуп, халатын кие сала чуркап жөнөдү.
Кирип барса чын эле мөлтүрөгөн жапжаш кыз кыйналып жаткан экен. Ишенчээк, таза көздөр ага жалдырай тигилди.
– Эже, эжекебай, ичим өрттөнүп баратат! Сактап калыңызчы мени!
– Неге эрте алып келишпеди? Кана?..
Асия төрөтү оор келинди карап көрүп эле жагдай оор экенин түшүндү. Мындайда ойлонууга да убакыт аз. Жанындагы ассистентине шашыла үн катты.
– Канча болуптур толготуп жатканына?
– Эки күн деди го.
– Тез, операцияга кам көргүлө. Аз болсо экөөнү тең сактай албай калабыз. Баса, жакындары барбы?
– Жок, студент экен. Жатаканадагылар “Тез жардам” чакыртышыптыр.
– Аха, түшүнүктүү,- деп ойлоно калган Асия колдорун спирт менен жууп баштады. Алка-шалка тер кетип, өзүн унута бала менен эненин өмүрү үчүн күрөшүп жатты. Бирок...
Операциялык бөлмөдөн чыккан Асия коридордун башында турган тааныш караанды көзү чалды. Таң кала түштү. “Бул жакка эмнеге келди?” Шалдырай басып жанына келген Илимдин жаштуу көзүн көргөндө башы айлана түштү. “Жок! Жок! Болушу мүмкүн эмес... Азыркы келин... Ал төрөгөн наристе Илимдин кызыбы?”
– Аси...
– Демек, атасы сен экенсиң да!
– Кечир мени!
– Унчукпа мага!- жаалдуу кыйкырып алган ал кабинетине чуркап жөнөдү. Көз алдында баёо караган кыздын каректери, жалынычтуу үнү... “Мен билбедим, билген жокмун” деп жатты ойлору алдастай. “Билгенде не кылат элең? Баары бир колуңдан келгенин кылдың” дейт ичиндеги башка үн. “Наристе?! Эми анын күнү не болмокчу?” Ого бетер алы кетип, отургучуна шалдая отуруп калды. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Ал эми коридордо бир өмүрдү узатып, бир өмүрдү тосуп алган Илимдин абалы андан да оор эле.
Ыйлап жаткан Асия ошол кечте өмүрүнүн таптакыр башка нукка буруларын билген эмес. Өмүрүн сактай албай калган келиндин кызын өзү багып аларын, ал кыз өмүр бою күйөөсү экөөнүн ортосундагы айыккыс жара болсо да, өз балдарынан кем эмес жакшы көрүп каларын билген эмес. Так ошол баккан кызы таланттуу хирург болуп, апасына экинчи өмүр берерин билген эмес эле.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Латыш
2012-03-26 09:39:20
Жашоо озу адилет, баардыгын оор оордуна коет! Ал эми көзгө чөп салуу аркылуу, жыргап кеткен адам көрө элекмин.
+2
Erjan
2012-03-28 16:26:30
жашоону тушуну ото кыйые каалагандай кылып коёт эх !!!

0
sambo
2012-03-29 11:57:11
индийский кино тартса болот экен!жакшы ценарий!
0
kimbatyla
2012-03-30 12:20:23
Ким жазса да таланттуу экен!Аягы жакшы бутконуно абдан суйунуп атам!
0
aykowa
2012-03-31 20:04:43
Тигил аял акылдуу экен..
0
nolvan
2012-04-02 08:37:01
Кызыктуу окуя экен.
0
nuka77
2012-04-03 11:10:35
Алданып калган жаш кызга жаман болуптур...
0
laki
2012-04-25 18:51:45
Sonun chigarma eken!
0
Venita
2012-04-27 23:40:33
Накта турмуштан алынган окуя экен. Кынырыш кырк жылда билинет деген соз бекеринен айтылбаса керек. Аягы окунучтуу экен.
0
kirpik
2012-05-08 14:09:06
ал кыз жер бетинде ашыкча экенин билип алла таалам озум жазалайын алып кетиптир ошондуктан кыздар абайлагыла кишилерге козунорду кыспагыла
+2
4atkal
2012-06-17 14:32:06
кызыктуу чыгарма экен
0
orosbek.kg
2012-10-30 02:12:00
жакшы чыгарма экен.
0
19981998jalgyz
2017-12-26 07:32:09
Ушул окуяга ыр жаздырып клип тартып койсо маанилүү болот еке!
0
kansulu
2017-12-26 09:37:49
Кызык экен
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан