Кенже Дүйшеева: «КҮЙӨӨМӨ СЕМИЗ КЕНЖЕ ЖАКПАЙТ ЭКЕН:)»

Шайыр мүнөз ырчы Кенже Дүйшеева жездебиз Талгатка жолугуп, түтүн булаткандарына эки жылдан ашып калды. Түгөйлөр бири-бирин үн-сөзү жок көз караштан түшүнүшүп, жыты сиңишип деле калса керек. Жан шериктердин жашоосуна сүңгүп кирип, бир топ кызыктарды уктук.

– Жан шериктерге берчү суроолорумдун эң “таттуусунан” баштайын. Ичиңер ысып кеткенде бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
Кенже: – Адамзатынын эң бир ыйык нерсеси – үй-бүлө. Мен негедир Талгатты таптакыр атынан айта албайм. Кээде эле расмий жерлерде же бирөөлөр келип калганда атынан атап калбасам... Ичим ысып жакшы көрүп кеткенде же бир сураныч менен кайрылсам “жаным” деп чакырам.
Талгат: – Мен деле Кенже деп көп айтпайм, “жан” деп чакырам.

– Талгат жезде, айтсаңыз, Кенже эже чыгармачыл адам болгон соң аябай чарчап келген учурлары көп болсо керек. Буту-колун укалап берүүгө убакыт бөлөсүзбү?
Т.: – Биздин үйлөнгөнүбүзгө эки жылча эле болду. Эми эркелетчү учурларда эркелетем. Бирок буту-колун укалаган учурум боло элек го. Анын баары алдыда да.
К.: – Ай, жездеңер “скромный” болуп жатат жөн эле. Кээде мен жумуштар менен жүрүп аябай чарчап келгенде кызыбыздын курсагын тойгуза салып же жетишпей жатсаң ашканага кирип бат эле чыз-пыз эттирип тамак жасай салат, аябай даамдуу кылып. Ушул сапаты колу-бутту укалагандан да жакшы.

– Кайсы күнү таанышканыңар эсиңердеби? Алгач бири-бириңер тууралуу кандай ойлор жаралды эле?
К.: – Бардык нерселер адамдын тагдырына жазылат болуш керек. Бир жолу сүмөлөк жасап жатып ниет кылып койгом, “быйыл ордумду, очогумду таап, турмушка чыксам экен” деп. Сүмөлөк демделсин деп жаап коёт го. Кийин ачканда эле күлүп турган адамдын элесин көрдүм. Баягы сүмөлөк топтолуп калганда ошондой чийиндер пайда болуп калыптыр. Ичимден жакшылыкка жоруп койгом. Анан көп өтпөй эле апрелдин 17синде Талгат менен кафеде таанышып калып жатпаймынбы. Эми бир көргөндө эле сүйүүнүн оту жанып кетти дегенден алысмын. Бир чети бул Алматыда, мен Бишкекте болсом деп эч нерсени деле ойлогон жокмун. Бирок тагдыр экен, 3-жолу жолукканда баш кошуу тууралуу сүйлөштүк.

– Сунушту ким биринчи киргизди? Балким, тыңдык кылып, Кенже эже, сиздин оозуңуздан биринчи сунуш түшкөндүр?
Т.: – Экөөбүз тараптан тең десек болот. Турмуш жөнүндө сүйлөшүп жатып эле өзүнөн өзү болуп кетти. Негизи, экөөбүздүн үйлөнүп калышыбызга менин атам да көпүрө болуп кетти окшойт. Тойдо отурганбыз. Кенже башка бир столдо отурган. Бир маалда атам Гүлшайыр эжеден Кенжени көрсөтүп “бойдокпу?” деп сураптыр. “Бойдок” деген жоопту уккан соң Кенже өтүп баратса, “мага келин болосуңбу?” деп жатпайбы. Бул да камырабай “ооба, болом” деп шак жооп берип салды.
К.: – Эми улуу киши болсо жок деп жооп бергенден тартындым, ооба деп сала бергем. Көрсө, ошондо эле периштелер оомийин деп бата берип коюшкан тура.

– Талгат жезде, алгач Кенже эжени көргөндө эркектикке салып буттун учунан чачына чейин бир сын көз караштан өткөзүп алсаңыз керек...
Т.: – Жок, чынында, келбетине андай сын салган жокмун. Болгону, жан дүйнөсүнүн жарык адам экени көзүнөн эле көрүнүп турду. Аа, бир нерсени эстеп кеттим. Мен Алматыда, Кенже бул жакта жүргөндө СМС-билдирүү жазып койдум, “кандайсың, эмне кылып жатасың?” десем, “жакшы, биз тамак жасап жатабыз” деген жооп келди. Ошондо эле “ого” деп койгом.
К.: – Жездеңер ойлосо керек, ырчы болсо эле иш кылганды билбейт деп.

– Кенже эже, Талгат жезде сиздин кандай сынооңуздан өттү болду экен?
К.: – Мага сөйкө салып келер астында сүйлөшүп калдык. Ошондо “конок тосконду жакшы көрөсүңбү? Тазалыкты жактырасыңбы? Ата-энеге кандай мамиле кылат элең?” дегендей суроолор менен сыноо салган. Ушул суроолоруна өзү ойлогондой жооп берген болушум керек. Ал эми мен Талгаттын энесин ушунчалык сыйлаганын айткан сөздөрүнөн түшүндүм. Энени сыйлаган адам аялын да кадырлап-барктап, сыйлай алат деген чечимге келдим. Менин болгон сыноом эле ошо болчу, мени сыйлай алат бекен деген. Албетте, анан токтоолугуна баа бердим.

– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт. Сизде да кызыктар көп болдубу?
К.: – Негедир башында аябай уйкучу болдум. Дайыма чуркап иштеп жүрүп чарчап калсам керек. Бара-бара музыкага болгон кусалык башталды. Көңүлүм чөгүп калганда кээде кечке дүкөн кыдырчубуз. Башка жагынан кыйынчылык деле болгон жок, болгону чыгармачылыкка болгон бугум болду окшойт.
Т.: – Чыгармачылыкты сагынып, буулугуп калганда “жүрчү, дискотекага барып келеличи” дегендей сунуштарды киргизе баштады. Анан дискотекага барып келгенден кийин “ох, өзүмө келе түштүм” деп калчу. Ошондо мен аялым үйдө, очоктун четинде болуш керек деген оюмдан кайттым.

– Үй-бүлө башкаруу жагын таразага койсо, ташы ким тарапка көбүрөөк оойт?
К.: – Атабызга да. Мурда “Кенже, ушу сен күйөөңдү башкарат болушуң керек” деп көп айтышчу. Бирок жашоодо мен аял өз ордун билиш керек деген принципти катуу кармайм.

– Кимиңер көбүрөөк кызганчааксыңар?
К.: – Мен көбүрөөк кызганам. Кызганууга шылтоо деле бербейт. Бир жолу туулган күнүндө үйдө дасторкон жайып алып күтүп жатам, мына келет жок, ана келет жок. Телефону өчүк. Ушунчалык ичим бышып, бир жакка кетип калса керек деген ой менен жаман болгом. Көрсө, машинасы бузулуп жолдо калыптыр. Ошондо кызганчаак экенимди билдим.

– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Мындай учурларда кимдин үнү катуу чыгат?
К.: – Андайдын бетин ары кылсын. Атабыз баласаак, кичине эле кыздын тамагын убагында бербей калсам, “эмнеге минтип?” деп ошонун айынан тултуңдаша кетебиз.
Т.: – Кенжеге таарынсам, унчукпай кызымды көтөрүп алып жүрө берем. Таарыныч көпкө деле созулбайт, бат эле жазылып кетем. Кенже таарынтып койгонун унутуп калып сүйлөй берет.

– Кенже эже айлап бир жакка кетип жатса жиберет белеңиз?
Т.: – Өзү кетпейт го. Жалгыз кетпейт.

– Казак-кыргыз салты окшош, анан кайын журтка кандай күйөө бала болдуңуз?
Т.: – Мен ойлойм, “нормальный” күйөө бала боло алдым деп.

– Чынын айтыңызчы, эмкисин эркек бала төрөп берет деп күтүп жатасызбы?
Т.: – Ооба. Бир эмес, 3-4 эркек бала болсо сонун болот.

– Ашканадагы “каприздериңизден” айта кетсеңиз. Кенже эженин кандай тамагын түртүп, ооз чүйрүйсүз?
Т.: – Мантынын камыры калыңы­раак болуп кетет. Акырын кыйытып айтып койдум, тамаша!

– Кенже эже, Талгат жезденин тажатма сапаттары барбы?
К.: – Баары эле жакшы, бир гана үйгө кирери менен байпактарын чечет да, ар кайсы жакка калтырып кете берет. Артынан терип эле жүрөм.

– Чогуу жашаган мезгилиңиздердеги эң бир эсте калган учур...
К.: – Томирис төрөлгөндө мен эсиме келгиче дарыгерлерге акча берип көрүп алыптыр. Анан мен чалып “кызыңды көрөсүңбү?” десем, “эчак эле көрүп алгам” дейт.
Т.: – Андан да түн бир оокумга чейин бажалар болуп майрамдап алып, “Кенже-е” деп кыйкырып чыкканыбыз эсимде. Бир башкача бактылуу, эсте калган күн ошол болгон.

– Кенже эже “таптакыр стилимди өзгөртөм” десе, макул болот белеңиз? Кыска кийгенине тыюу салбайсызбы?
Т.: – Жок, ушундай эле келбети жагат. Эми кыска көйнөк жарашкан кезде кийсе болот.
К.: – Бир жолу боюмда бар кезде жакшы көргөн кыска көйнөгүмдү кийип алсам, “анда мен конокко сени менен барбайм” десе болобу. Кайра узун көйнөк кийип чыгууга туура келген. Азыр кичине толуп кеттим, ошого байланыштуу күнүгө үйдө спорт менен машыгып жатам. Талгат кароолчудай болуп унутуп баратсам эле эскертип турат. Жездеңерге семиз Кенже жакпайт экен. Ха-ха-ха...

– Маегиңерге чоң рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кенже Дүйшеева: "Талгат мен уктап жатканда доктурларды мас кылып"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
solnyshko
2012-03-27 17:08:38
эххххх бактылуу болгула
0
towa
2012-03-27 17:11:11
baktyluu ui bulolordon ekensizder . Kenje eje molodets sizge baa berem. Tomirisa atasynyn kopiyasy eken go . baktyluu bolunuzdar!
0
meri.s
2012-03-27 21:41:47
чуркагандан эмес буйругандан счастья вам
0
nazgul.83
2012-03-27 22:04:49
Бакылуу болгула
0
lady07
2012-03-28 14:07:07
9 bas o4en' sil'no uvajayu...Jelayu vam s4ast'9, zdorov'9, lyubvi i vernosti...Put' va6 soyuz budet dol'we jizni..
0
arzuu1
2012-03-28 18:15:55
бактылуу уй-було
0
bekssa_93_21
2012-03-30 11:12:37
совет вам да любовь
0
dolon
2012-03-30 12:01:13
Бегимай экоон Казак ээринерди эмнеге Кыргызстанга реклама кыласынар??? Кыргыз жигиттер албай койгонунан казактарга тийдинерда,ошолорго тийгиченер кыргыздын бир алкашына тийгенинерде силерди бут Кыргыз эли колдомок,тугонуп калгыла. кыргыз кыздар жарымы оруссияда корунгон улут менен жатып тууп журот наристесин мусорго таштап, сен экоон бул жакта алардын ишин улантып журосунор ЖОГОЛГУЛА КЫРГЫЗСТАНГА кирбегиле.БЕГИМАЙ м.н КЕЖЕ КАЗАКСЫНАР!!!!!!!!!!!
0
kimbatyla
2012-03-30 12:35:19
dolon, Силер Кыргыз мырзалары ошентип атсанар ким тийгиси келсин!Грубиансынар жеткен,какая разница казак,орус,негрби иши кылып бактылуу болушсун да!
0
raida
2012-04-02 03:04:43
dolon, sen ozu kimsin degi ? Toodo jany tushkon kyrgybaisyn go deim .Senin kandai ishin bar ,jaman ulut jok jaman adam bar ,saga okshogon . Kyrgyzdyn jaman balasyna kor bolgoncho ,kazak jigittin omurluk suiuktuu jary bolgon sonun da .
0
boke
2012-03-30 13:36:37
baktyluu bolun kenje ejeke
0
nurkiaz
2012-03-31 13:45:09
Казака тийип алганы жаман экен.Кыргыздын мырзалары жокбу эмне!
0
jika8424
2012-03-31 19:47:57
Кыргыз мырзалар жок калган! Бактыбызды ушинтип башка улуттагы жигиттер ачып жатышат. Окунучтуу!
0
toktoxan
2012-03-31 19:59:15
кыргыз жигит жок бекен.
0
cosmopolit
2012-04-01 01:14:13
Кыргыз жигиттери болсо эчак эле тиймек болуш керек...Бактылуу болсун кимге тийсе дагы жайына койгулачы...Айланайын кыргыздар деги аман эле бололу.......
0
arkar
2012-04-01 13:53:08
кеыже айымга чыгармачылык ыйгылык калайым! сызды кытай кыргыздарыда ырыңызды жана өзүңүздү айабай жакшы көрөт.
0
married
2012-04-02 02:57:14
respect Kenje eje,sizdei aiymdar kooop bolsun !!!
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан