Табылды Актан: «ЖҮРӨК ДАГЫ ДЕЛЕ ЖАШ...»

Табылды аганы достору “бий жагын да өздөштүрсөңчү” деп бекеринен айтышпаса керек. Анткени ар тараптуу талант бүгүнкү күндө театрдын жана кинонун чебер актёру, драматург, комузчу, дастанчы, аткаруучу, манасчы атка конуп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал. Кыргыз Эл артисти, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси 60 жашта.

«ӨНӨРЛҮҮЛӨРДҮН ӨРӨӨНҮНДӨ ТӨРӨЛГӨМ»
– Улуу тоолордун эң бийик жеринде, Теңир-Тоодогу Миң-Булак деген айылда төрөлгөм. Арстанбек акын, Тыныбек манасчы, Көкөтөй чечен, Актан чечен, Кеңеш Жусупов агабыз, Жумакан Тынымсейитова эжелерибиз төрөлүп-өскөн, өнөргө жакын айыл. Ошол себептен айылымды мен өнөрлүү адамдардын өрөөнү деп коём. Суусунда, абасында бар дейт эмеспи. Кадимки Тыныбек манасчынын небереси, Актан чечендин уулумун.
Атам мен эки жарым жашка келгенде эле каза болуп калган экен, жакшы билбей калдым. Апам “сен ата жолун жолдогон уул болушуң керек” деп, ал киши тууралуу көп айтчу. Анын кылык-жоруктарынан бери туурап, өнөрү жөнүндө көркөмдөп сүйлөп отурар эле. Ал эми сыртка чыксам, клубдун алдында топтошуп отурган айылдын аксакалдары “ай, балам, бери келчи” деп чакырып алышат. Күн сайын “кимдин баласысың?” деген суроону узатышат. Ичимден “таанып турса деле сурай беришет” деп ойлогонум менен, “Актандын баласы Табылды эмесминби, ата” деп жооп берем. Анан “кел, отур, мен сага чоң атаң Тыныбек тууралуу бир кызык айтып берем же атаң Актан жөнүндө” деп жанына отургузуп алып менин аталарым тууралуу узун кепти башташат. Күндө “кимдин баласысың?” деп сурашканы “сенин атаң ким экендигин унутпай жүр” дегени экенин мен эс тартканда гана түшүндүм. Анын үстүнө “атадан жаш, акылдан бош калды, бул балага жакшы тарбия бериш керек” дешет экен да, көрсө. Ошол аталардын айткандарын, тарыхты карап изилдеп, “Тыныбек, Актан, Табылды” деген китеп жаздым. Аты эле аталарым туурасында болбосо, ал китепте кыргыздын руханий байлыктары тууралуу кенен чагылдырдым.

«ҮЧ КҮНГӨ ЧЕЙИН ҮЙ БЕТИН КӨРБӨЙ ОЙНОЧУМУН»
– Бала кезимде абдан эле тентек болдум, ошого жараша апама жардам кылган жагын да катырар элем. Тентектигимди ушундан бил, 3-4-класстарда окуп жүргөндө эле ойноп кетип, үйгө үч күнгө чейин келбей калчумун. Анан айылга артисттер келсе, алар кетер-кеткенче клубдун жанынан кетчү эмесмин. Алдын ала апама жагынып үйдү зымырата жыйнап, полунан бери жууп калам. Анан апам концертке жөнөтөт. Эртеси мектепке барып артисттерди туурап класска мен концерт коём.
Эс тарта баштаганда айыл аралап балдар менен жоро ичип, кыдырып кетебиз. Аныбыз мектепке жетип калып, бир жолу аз жерден окуудан куулуп кете жаздагам. Муну уюштуруунун башында классташым, акын-жазуучу Асан Жакшылыков экөөбүз турабыз. Арабызда ордунда калган бизден улуу балдар бар, алар шарап ичип, тамеки чегишет да. Мектепти аяктаар жылдары мен да алардын арасына кошулуп калдым.

БИЛИМИ ЖОК НУКУРА ТАЛАНТ
– 17 жашымда Москвага Жаштардын бүткүл союздук фестивалына барып, лауреат болуп кайттым. Эми кубанганымды айтпа. Ошондон кийин өнөргө болгон баам дагы да бийик көтөрүлдү десем болот. Ошентип жүрүп, буйрук экен, Нарын театрына ишке кирдим. Мен өзүм окуп билим алган жокмун. Кийин бул үчүн өкүнүп жүрдүм эле, устатым Жумамүдүн Шералиев “Табылды айланайын, окуп да артист болобу? Чыныгы талант таза болот” деп калды. Өмүрү кат тааныбаган кыргыздын залкарларын ойлоп, бул сөзгө мен да ынандым.

«БАКТЫН ТҮБҮНДӨ УКТАП КАЛЧУМУН»
– Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Баары өз жолуна түшүп кеткенде үйдө апам экөөбүз эле калганбыз. Буга байланыштуу эрте эле үйлөнүүгө туура келди. Театрда иштеп жүрүп, кесиптешим Рыскан Кашкарбаева аттуу кыз менен бир жылча сүйлөшүп, баш кошконбуз. Ал кезде февралда гастролго кетип, тээ кеч күздө кайтып келчүбүз да. Анан кесиптеш эжелер бойдок жигит менен кызды көрсө эле “үйлөнүп алгыла, артисттерди артисттер жакшы түшүнөт” деп эле кыстай беришчү. Ал дагы таасир эттиби, айтор, бир күнү досум экөөбүз жолдо баратсак Рыскан алдыбыздан чыгып калды. Мончого бараткан экен. Мындай карасам такси туруптур, оюма туура келди, эч ойдо жок жерден ала качып жөнөдүк. Бир кыз, бир уулдуу болдук.
Ошол кезде кашайгыр арак деген менен да катуу “достошуп” кеттим. Элге калп айтып болобу, ичкен жагынан Мидин менен Байдылдага жетип эле калгам. Талаалап ичип жүрүп үйгө да келбейсиң. Соо болсом да, мас болсом да үйгө келбей, бир бактын түбүнө жатып алып уктаар элем. Бир чети апамдын жүрөгүн ооруткум келбесе, бир чети жубайымдан тил уккум келбейт. Кийин уруш-талашы жок эле Рыскан экөөбүз ажырашып кеттик. Буга менин көп ичкендигим себеп болду окшойт. Кыскасы, экөөбүздөн тең кетти. Кудайга шүгүр, балдарым азыр эр жетип, ата-эне болуп калышты.

«КОШУНА КЕЛИНДИН БОЮНАН ТҮШҮРҮП КОЙГОМ»
– Ичкиликтин арты менен бир топ эле акылга сыйбаган иштерге барыптырмын. Бир жолу досум экөөбүз ичип келебиз деп Ат-Башыга кетип калдык. Кайра жолдо келатканда бир келин менен жаш кыз кол көтөрүп тосуп калышты. Аларды салып алдык. Оюм бузулуп, досума “ала качабыз” деп айттым. Анда досум экөөбүздүн тең аялдарыбыз бар эле. Акылдашып, келинди менин эжемдикине киргизмей болдук. Кыз ыйлап келатат. Анан бир жерге жеткенде “бул жерде туугандарыбыз бар, кирип бир нерсе айтып чыга калалы” деп калышты. Ишенип аларды коё берип коюп таппай калганбыз.
Ичкиликтин азабын тарткан күндөр көп эле болду. Бир жолу кошуна келин менен уруша кетип ага кол көтөрүп, боюнан түшүрүп, бир ирет таякем менен мушташа кетип, көзүн чыгара койгом. Байкуш бир көзү сокур болуп калган. Ичип, ичимдиктин түбүнө жеткен киши жок. Мен да токтоттум. Экинчи ирет үйлөнүп, өзүмдүн каалоом менен арак эмес, бозону ичпей калганыма 20 жылдан ашып калды.

«КҮТҮҮСҮЗ ЖЕРДЕН ҮЙЛӨНГӨМ»
– Анда ажырашып жүргөн кез. Бир күнү эле биздин театрга Зууракан Акылова деген кыз борбордон келип калды. Сыртынан жакты, бирок ага эч нерсе дей алган жокмун. Апам үйлөнүү тууралуу сөз козгоп калганынан “бизге бир кыз келди, мага жакты” десем, “ошол кызды мага көрсөтүп койчу” деди. Эртеси Зуураны үйгө чакырып келдим. Таанышып, ата-тегин сурагандан кийин эле апам “эми, кызым, сен менин уулума жагыптырсың. Табылдыга колукту бол, айланайын” деп ак жоолугун салып койсо болобу. Ал да унчуккан жок, мен да унчуккан жокмун. Күтүүсүз жерден ошентип үйлөнүп калганбыз.
Азыр жубайымды көрүп туруп апамды көп эстейм. “Кайнененин камырынан” деген чын экен, өңү, сүйлөгөнү, мүнөзү – баары апама окшошуп калды. Бир жолу иштен келатып ойлонуп кетиптирмин. Үйгө кирип келсем, балам сабак окуп отурган экен, “апам кана?” деп коём. Балам каткырып эле жатып калды. Ошондон кийин мени тамашалап, Зуураны “сиздин апаңыз” деп калат. “Аял жакшы – эр жакшы” деп коёт эмеспи.

«АЛИ ДА ҮЙ ШЫПЫРАМ»
– Дайыма кыймылда турганды жактырам. Бош отура албай, керек болсо азыркы күндө деле үй шыпырып кирем. Жубайыма кир сыгышып, аны жайышып берем, суу ташыйм дегендей. Зуура урушуп калат, “бирөө көрсө уят, отура берчи” деп. “Мен бирөөнүн ишин кылып жатыптырмынбы? Өзүмдүн ишим, эмне десе ошо десин” дейм. Буларды аялыма боорум ооругандан эмес, өзүм кыймылда болоюн деп жасайм да (күлүп).
“Карылыкка баары эле жете алат, бирок кадырга жетиш кыйын” дешет эмеспи. Карылыкка мен деле жетип калдым. Жүрөк жаш да, анткен менен сыртка чыкканда эл мурдагыдай мага байке, агай же аба деп эмес, ата деп кайрылып калды. Бул сөздүн да жоопкерчилиги бар экен. Карыптырмын, көрсө. Мына эми пайгамбар жашка толуп турган кезде өз талантымды элге сунуштап, сынга коюу үчүн концерт берүүгө камынып жүрөм.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Табылды Актан: "Татынакай кыздарды көргөндө адашып кетчүмүн" 23-03-2012
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Han
2012-03-27 13:38:26
2,24 минутундагы нокиянын комуз менен чыкканын угуп алып тан калдым
+1
Han
2012-03-27 13:39:13
Иштеринизге ийгилик мындай жаштан дагы коп жашаныз
+1
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан