"Кличко" тасмасынын бет ачарына келген Владимир Кличко маалымат жыйынын берип жатканда белгисиз жигит боксчуну көздөй күлгүн түстөгү мээлейди ыргыткан. Кличко мээлейди кармап калбаганда, башына келип тиймек. Баары бир Владимир ал жигиттин жоругуна таң калбай койгон жок. Көрсө, мээлейди ыргыткан жигит Кличко менен рингге чыгууну кыялданган күйөрманы экен. Ушундай жоругу менен ал кумирине чакырык таштаптыр. Владимир күлүп, бул маселени кийинчерээк чечерин айтты.
Лунара Бекиева
star@super.kg