Бул жылы Бакуда боло турган "Евровидение" сынагына Орусиянын атынан "Бурановолук чоң энелер" фольклордук тобу барары маалым болду. 22-24-май күндөрү боло турган сынакта "Бурановолук чоң энелер" "Ар бир адамга майрам" деген ыры менен 14-номерде чыгышмакчы. Жалаң фольклордук ырларды созгон бул чоң энелерден түзүлгөн топ сынактын тандоо турунда Дима Билан, Тимати сыяктуу атаандаштарын артта калтырышкан. Кошумчалай кетсек, аталган топ Удмуртиянын Бураново айылынан болушат.