80-ЖЫЛДАРДЫН ЖЫЛДЫЗЫ – АЛИСА

1985-жылы экранга чыккан "Келечектен келген конок" ("Гостья из будущего") тасмасы эсиңизде болсо керек? Алисанын ошол кездеги балдардын жүрөк оорусуна айланганычы? Анда кеп башынан болсун. Алисанын ролундагы Наталья Гусева тууралуу кеп учугун улайбыз...

ЖАРАТКАН РОЛДОРУ

"Келечектен келген конок", "Кылымдын жарышы" ("Гонка века") (1986), "Кызгылт-көгүш шар" ("Лиловый шар") (1987), "Ааламдын эрки" ("Воля Вселенной") (1988) тасмаларына тартылган.
2007-жылы НТВ каналында Натальянын жашоосу тууралуу баяндаган "Башкы каарман Наташа Гусева: Алиса чоңойду" деген аталышта атайын берүү эфирге чыккан.
2009-жылы "Куюучу" ("Литейный") телесериалынын 5-сериясы болгон "Бет" ("Лицо") деп аталган бөлүмүндө эпизоддук роль жараткан.

АЛИСА – АДАБИЙ КААРМАН
Алиса Игоревна Селезнёва – жазуучу Кир Булычёв жазган "Алисанын окуялары" чыгармасынын башкы каарманы. Китепте 2065 же 2070-жылы туулган Алиса аттуу кыздын 3 жашынан 13 жашына чейинки окуялары чагылдырылат.
1972-жылы 15-февралда СССР­дин Москва облусунун Звенигород шаарында туулган Наталья Гусева өзүн эч качан актриса катары көргөн эмес. Аны кичинесинен кызыктырган нерсе – сойлогон, учкан же жөн гана кыймылдаган курт-кумурскалар эле. Наталья 7ге чыкканда анын үй-бүлөсү Москвага көчүп келет. Ошентип, мыкты окуучу жана уялчаак, көп сүйлөбөгөн кыз "Келечектен келген конок" тасмасында башкы ролду жаратат.

КҮТҮЛБӨГӨН КЕЛЕЧЕК
1983-жылы Наташа окуган класска Максим Горький атындагы киностудиядан актриса издеп келишет. Жакшы окугандыктан, бул кайырмакка Наташа илинет. Жыйынтыгында ал "Коркунучтуу, арзыбаган нерселер" аттуу 10 мүнөттүк кыска метраждуу тасмага тартылат. Ошол кезде Павел Арсенов аттуу режиссёр "Келечектен келген конок" фантастикалык драмасына каарман издеп жүрүп, Алисага көзү түшөт. Наташа өзү да фантастиканы жактыргандыктан, бул ролго шыр макул болот. Албетте, аны келечекте эмне күтүп турганын билген эмес.

ГОЛЛИВУДДА БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ АТАК
12 жашар Наташа каарманын дал өзүндөй аткарып берет. Тасма жарыкка чыккандан кийин эч ким күтпөгөн нерсе, Алисанын атактуулугу болду. Андай ийгиликке азыркы Голливуд жылдыздары да жете элек. Уялчаак, арык жана кичинекей бойлуу кыз бат эле СССРдеги бардык өспүрүмдөрдүн кумирине айланган. Өзү ал учурду минтип эскерет: "Ой, аябай коркунучтуу учур болгон! Мен мынчалык элдин сүйүүсүнө арзууга даяр эмес болчумун. Каттар каптап келген заман эле. Сабактарды даярдап бүткөндөн кийин отуруп алып каттарды окучумун. Аларга жооп бермек турсун, чынында, баарын окуп чыгууга жетишпей калчумун",- дейт ал.

«АКТЁРДУК КЕСИП МЕНИ КЫЗЫКТЫРГАН ЖОК»
Мектепти бүткөндөн кийин "Актёрдук кесип мени эч кызыктырган жок. Мен эч качан сахна жана атак жөнүндө кыялданган эмесмин" деген Наташа кичинесинен сүйгөн биология тармагында өз жолун улаган. М.В.Ломоносов атындагы институттун биотехнология бөлүмүнө тапшырган. Биринчи курста окуп жургөндө "Кырсык. Милиция кызматкеринин кызы" тасмасында башкы ролду ойноого сунуш түшкөн. Бирок сценарийде зордуктоо кадрлары болгондуктан, андан баш тартат.
Жолдошу – күйөрманы Денис Мурашкевич Наташаны сүйүп калып, аны менен жолугуу үчүн көп аракет кылган.
Бир жолу Денис чоң куту алып, ага өзү түшүп, сүйгөнүнө белек болуп бөлмөсүнө кирип барат. Наташа жеңил көйнөк, байпакчан Денисти эшикке кууп чыга албайт. Ошентип, ал экөө таанышып калышат. Көп убакыт сүйлөшүп жүрүп, акыры баш кошуп, Наталья Гусева фамилиясын Мурашкевич кылып өзгөртөт.

АЛИСА БҮГҮН...
Окуусу бүткөндөн кийин Наталья Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология институтунда иштей баштайт. Кыздуу болуп, анын атын Алесия коёт. Бүгүнкү күндө Наталья мурункудай атактуу эмес, бирок көрөрмандардын ага деген сүйүүсү дагы эле бар. Жеке жашоосу азыр суктанарлык эмес. 2001-жылы жолдошу Денис менен ажырашып кеткен. Ажырашууга Денистин досу себеп болгон дешет. Анткени ал да Наташаны сүйчү экен. Бирок ал тууралуу толук маалымат жок.
Быйыл Наташа 40 жашка чыгып, туулган күнүн үйдө эле кызы экөө белгилешти.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Perika
2012-03-29 10:36:37
jashoodo emne kutup turganyn bilbeysin e?
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан