Концерт болгон күн – 20-март
Башталышы –19: 30 (30 мүнөт кечикти)
Кадырлуу конок – Казакстандан келген «Текила» тобу
Көрөрмандар – Спорт Ордосунун 90 пайызы
Алпаруучулар – «Тумар» радиосунун ди-джейлери – Азамат Эркинбаев жана Аслан Адилбеков
Бул ирет радиодон тынбай кулак кагыш кылып жаткан «Текила» тобунун концертине аттандым. Ал «Тумар» радиосунун туулган күнүнө карата уюштурулду. Концерт тоос кушту туураганбы же тоодакты туурап кийинишкенби, айтор, жарым жылаңач кийинген кыздардын бийи менен ачылды. Кантер экен деп карап отурсам, жок, жакшы бийлешти.
Кечени колго алган ди-джейлер Азамат Эркинбаев менен Аслан болушту. Аслан бул ролго бир аз жаштык кылат өңдүү, сөздөрдө чалынып, өзүн ыңгайсыз сезип жатканы билинип турду.
Эл концертке эмнеге келмек эле? Өзгөчө бир нерсе көрүп, эс алып кетүү үчүн келет да. А менде 14-февралдагы «Non-Stop`тун» концертин көрүп отургандай сезим болду башында. Сахнанын жасалгасы, атүгүл кимден кийин ким чыгарын билип отурдум. Ошол концерттегидей эле Абир Касенов, Амир Аскаров, Бураш, Алихан, Чолпонай, Омар, Акбар Сүйүнбаев менен Мирлан Абдраев, «Non-Stop» дуэти, Эрнест Жоошев жана башкалар.
Бул ырчыларды угуп отуруп, кезекте Казакстандан келген топ бар экенин унутуп коюпмун. Сырдуу дүңгүрөгөн музыканын коштоосунда сахнада «Текила» тобунун эки кызы пайда болду. Үчүнчүсү ооруп калган имиш. Эки кыз: бири ак, бири кара кийинип алып 12 ырды катары менен жандуу үндө ырдап салышты! Биздин ырчылардын «Спорт Ордосунда жандуу ырдаганга шарт жок» деп какшагандарына жооп катары кыздардын жандуу ырдаганын мактабасам болбос. Топтогу Роза «мен кыргыз кызымын» деп ичти жылытты. Адатта, Казакстанга чакырык алган кыргыз ырчыларына «казакстандыкмын деп чык» же «улутум казак деп чык» деген сунуштар айтыларын угуп жүрбөйбүзбү.Англисче, казакча, орусча жакшы ырларды жогорку деңгээлде аткарган «Текиланы» азаматтар деп айта алам. Анткени концерттин аягында эл чыгып бийлеп, топ менен кошо ырдап да жиберишти. Болгону, бул топтун саналуу гана ырын билет экенбиз. Бизде хит болгон «На восток» ыры менен коноктор концертти бүтүрүштү.
Сөзүмдүн соңун «Тумар» радиосун куттуктоо менен аяктагым келди. Туулган күнүңөр кут болсун!
Толик сынчы