Данияр Эрматов «Токто, жаным» деген ырын жүрөгү жараланган досуна арнап, обонун өзү жараткан. Шоу-бизнеске жаңы аралашып келаткан ырчы жигит «жүрөгүм бош, көктөм менен кошо сүйүү келишин күтүп жүрөм» дейт.
Толук аты-жөнү – Эрматов Данияр Бурканбекович
Туулган жылы – 1989-жыл, 1-февраль
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Бою – 173 см
Салмагы – 62 кг
Кыздардагы баалаган сапаты – Жөнөкөй, шайыр, ички дүйнөсү менен сырты төп келишкен
5 бир тууган, уулдардын кенжеси
Репертуарындагы популярдуу ырлары – «Токто, жаным», «Махабатым» жана башка
Учурда – Бойдок, жүрөгү бош
Жактырып жегени – Лагман
Жактырган майрамы – Ак калпак күнү
Чаап жүргөн күлүгү – Субару Легаси
– Данияр, ырдоо хоббиңби же кесиппи?
– Алгач хоббим болчу, эми болсо кесип катары карайм. Буга чейин кафелерде иштеп келгем, азыр баарын жыйыштырып, чыгармачылык жолуна түштүм.
– Алгач кыздын колун кармаган күнүң эсиңдеби?
– Мектепте баарына жетишчүмүн. 8-классымда бир кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Кийин болбогон эле себептерден сүйлөшпөй калдык. Демек, сүйүү эмес экен деп ойлоп калам азыр. Чын сүйүү башыма келе элек азыркыга чейин.
– Биринчи сүйүүңдү кантип билдиргенсиң?
– Биринчи жолу 5-классымда классташ кызыма кат жазгам. «Аязгүл, мен сени сүйөм» деп, аягына «Данияр+Аязгүл» деп жазып койгонум эсимден кетпейт. Кыз деле жаш да анда, түшүнбөйт. Мугалимге «менин сумкама салып коюптур» деп ыйлайт, мен моюнума албайм. Эжеке да кызык экен азыр ойлоп көрсөм, сүрүштүрүп, «ким жазды?» деп дептерден териштирген. Менин кол жазмама окшош экенин көрүп алып, «сен эмнеге жазасың?» деп мени экинчи кат жазбай турган кылган ошондо.
– Бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби?
– Сырткы келбетине карап жактырса болот. Бирок аны менен сүйлөшүп көрүш керек. Бир жыл сүйлөшсөң жетиштүү билип калсаң керек. Мен да учурунда бир кызды аябай жактырып, сүйүп, үйлөнөм деп калгам. Аны бир көргөндө жактырып, эптеп таанышып алсам эле болду деп калгам. Тааныштык, кол кармашып сүйлөшүп да калдык. Бирок мага жакпаган сапаттары болгондуктан, мамилебизди токтоттук.
– «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?» дешет. Коркпойсуңбу андайдан?
– Андай болбошу үчүн сүйлөшүп жүргөндө деле урушуп, жаман-жакшы айтышып, ар жактан сынап көрмөкмүн кызды.
– Байкабай «стерва» кыздарды сүйүп калсаңчы?..
– «Стерва» сырдуулукка да кирип кетет. «Кыз кылыгы менен» деп коюшат го. Жакшы жактарын деле тапса болот ар бир адамдын.
– Сүйүп калган кызың тамеки чексечи?..
– Жашоодо ар ким адашат да. Биз деле убагында ойноп-күлүп жүргөнбүз. Анын сыңары, эгер кыз мени сүйсө, өзү деле таштайт болуш керек. Болбосо тарбиялап деле алам аз-аздан.
– Көз салган улуу айымдар болду беле?
– Андай учурлар болгон. Кафеде иштеп жүргөндө 30-35 жаштардагы айым чакырып, «мен деле жашмын, кааласаң сени жылдыз кылам» деген эле. «Сизди эже катары сыйлайм» деп «повод» бербей кырдаалдан чыгып кеткем.
– «Сүйүү жаш-карыга карабайт» дейт. Кошуласыңбы?
– Сүйүп калсаң айла жок. Бирок өтө эле улуу аял менен мамиле күткөн болбойт го.
– Эң алгачкы өбүшкөнүңдү эстеп көрбөйсүңбү...
– Өбүшүү – балкыган сезимдердин башаты тура. Бир даам татып алгандан кийин кайра-кайра өбүшкүң келет. 8-класста отурушта бир кыз менен өбүшкөм. Анда, чынында, рахатка деле баткан эмесмин. Өзүм деле, ал да кыйратып билбесек өбүшүүнүн «кайфын». Эми эстесем анчалык деле өбүшкөн эмес экенмин. Азыр экөөбүз бири-бирибизди шылдыңдап калабыз ошол күндү эстеп.
– Ошону менен сезимдериңер уланып кеттиби анан?
– Жок, ай, анда жөн гана кызыгуу болсо керек эле.
– Кыздардын эмнесине арбаласың?
– Кебетеси анча болбосо деле, көздөрү жымыңдаган, жылдыздуу кыздар болот го (Данияр бир кызды идеал тутуп, ошону айтып берди окшойт, көздөрү жайнап «мындай бар го...» деп көпкө оюн билдире албай турду).
– Кызганчааксыңбы?
– Чеги менен, обу жок кызгана бербейм. Эгер кыз жактан кетип жатса, балким. Сырттан башка балдар тийишип жатса, кызда эмне күнөө? Анда балдар менен сүйлөшөм.
– Жарандык никеге кандай көз караштасың?
– Каршымын, азгырылып, алданып, айла жок чогуу жашоого туура келип калбаса эле... Өмүрүңдө бир жолу үйлөнсөң, аны да татыктуу жашаш керек го.
– «Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» дешет.
– Шариятта бар экен деп эле ала бербеш керек. Көп аялдуу болгондо аялдын деле эркекке болгон сүйүүсү соолуйт. Ага бир келип, кайра башкага бир кетип жашаган эркектин кереги эмне?!
– Акыркы жолу кызга качан белек бергенсиң?
– М-м... Былтыр жазында бериптирмин. Башында айтпадымбы, эптеп эле таанышып алсам болду деп, ошого биринчи жолугушууда гүл көтөрүп барган элем.
– Кыздардын жүрөгүн жаралап таштап кеткен учур болду беле?
– Андай көп эле болгон. Мурун «жаным, сүйөм» деп алдап койчумун жөн эле. Бир жолу бир кыздын көңүлүн алып, өзүмө багындырып алган соң жөн гана кызыгуу болчу деп түшүндүрүп айта албай көпкө жүргөм. Ал мени алдап кетти деп айтыптыр. Ошондон кийин кыздарды алдабай турган болгом. Аны жакшы көрчүмүн, чынында, ошого жакшы көрүү менен сүйүүнү адаштырбаш керек дейм.
– Эң кыска жана көпкө созулган сүйүү романың?
– Эң көбү – бир жыл, эң кыскасы – бир түн. Отурушта сүйүшүп, эртеси ал кызды таппай калгам.
– Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Машина жарыштарга барабыз. МАИчилерден качып, зуулдатып айдаганды жакшы көрөм. Машинамды тез алмаштырам, бирок кыздарды эмес.
– Жигити бар кызды сүйүп калдың дейли. Өз бактың үчүн күрөшөт белең?
– Алгач кыздын көңүлүнө карайм. Анан жигиттин ордуна өзүмдү коюп көрөм. Эгер жигит аны сүйүп турса, тоскоол боло албайм.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg