ЭКРАНДАГЫ ЖАҢЫ ЖҮЗДӨРДҮ ТААНЫЙСЫЗБЫ?

Азыр кинонун заманы. Тасмалардын саны көбөйгөн сайын ал фильмдерде роль аткарып элге жүзү тааныла баштаган актёр, актрисаларга кызыгуу артып барат. Мына ошол экрандагы жаңы жүздөр менен сиздерди тааныштырмакчыбыз.

Бакыт: “АТ ЧААП БАРАТЫП МАШИНА МЕНЕН СҮЗҮШҮП КЕТЕ ЖАЗДАГАМ”

Толук аты-жөнү – Тынайбеков Бакыт Рысбекович
Туулган жылы – 1990-жыл, 27-июнь
Туулган жери – Нарын шаары
Тартылган тасмасы – “Көк салкын”

– Бакыт, “Көк салкын” тасмасына кантип тартылып калдың?
– Бул фильмди баарыбыз билгендей эле “Саяктар” КВН командасы тарткан. Мен ошол командада ойнойм да, баары ошого барып такалат.

– Учурда кайсы жаатта билим алып жатасың?
– Азыр Юридикалык академиянын тергөө жана криминалистика факультетинде 4-курста окуйм. Актёрлук кесипти хобби катары эле эсептейм. Эгер киного жакшы ролдор сунушталып калса, анда ойлонуп көрөм.

– “Көк салкындагы” ролуңа сын айткандар болдубу?
– Ооба, көбүнчө жакшы сындар айтылды. Маршруттук таксиде баратсам мени менен сүрөткө түшүп, кол тамга сурагандар да пайда болуп калды. Жакында эле казактар мага чалып, киного тартылууну сунушташты. Ал да жакында чечилет.

– Тартуу учурунда эсте калганы эмне болду?
– Фильмди тартууда айрым эпизоддор өтө кооптуу болду. Мен ат чаап баратканда маңдайыман машина чыга калып, сүзүшүп кете жаздадык. Тасмада Гольф-3 машинасы менен жарышат эмесминби, ошо менен. Тартуу учурунда жеңил жараат да алдым. Терим сыйрылып кеткен учурлар болду.

Кымбат: “ЖЕССИКА АЛЬБАГА ОКШОШСУҢ ДЕП АЙТЫШАТ”

Толук аты-жөнү – Асизова Кымбат Абакировна
Туулган жылы – 1991-жыл, 4-июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Тартылган тасмалары – “Талас-Бишкек”, “Көк салкын”, “Шайке”

– Кантип актриса болуп калгансың?
– Өзүм Искусство институтунун театр жана кино факультетинде сырттан окуйм. Буга чейин музыкалык училищеде да билим алгам. Кастингдерди калтырбай катышып жүрүп, алгачкы жолу “Талас-Бишкек” фильминде Аселдин сиңдисинин ролун аткардым.

– Актрисалык кесиптин эмнеси жагат?
– Негизинен, аткарган ролуңдагы каармандын образы же монологу аркылуу көп нерсени бере аласың. Мындан улам ролуңду жеткире аткарганда өзүң да жеңилдеп, жан дүйнөң сергип калат. Анан да кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет.

– Сулуу кыздарга кызыккандар көп болот эмеспи, жигитиң барбы?
– Ооба, андай бактылуу адам бар. Сиздер да тааныйсыздар, клипмейкер Эрнист Сыдыков менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 2 жыл болду. Мени ата-энеси менен тааныштырган. Аларга бат-баттан барып, ал-абал сурашып турам. Буюрса, 24 же 25 жаштарда күйөөгө чыгуу ниетим бар.

– Сени кайсы актрисага окшоштурушат?
– “Жессика Альбага окшошсуң” деп айткандарды угуп калгам. Бирок өзүм антип ойлобойм деле.

Альбина: “МЕНИ ЭРКЕК ДЕШЕТ”

Толук аты-жөнү – Абдрасулова Альбина Уланбековна
Туулган жылы – 1987-жыл, 13-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Тартылган тасмасы – “Сүйө бил”

– Альбина, улутуң кыргызбы?
– Мени көбү “кыргызга окшош эмессиң” деп айтышат. Бирок мен кыргызмын жана Кыргызстанда төрөлгөнүмө сыймыктанам. Өлкөмдү, улутумду сүйөм. Анан албетте, кыргызча таптак сүйлөйм. Айрымдардын мени кыргызга окшоштурбаганынан корком.

– Келбетиң “дерзская” көрүнөт, жашоодо кандайсың?
– Келбетим “дерзская” көрүнөт болуш керек. Өзүм бой көтөргөн жерде бой көтөрүп, сылык боло турган жерде сылык болом. Негизи, күчтүү адамдарды көрүп алып, мүнөзүмдү ошолордукундай катаал кылганга аракет жасайм. А жашоодо шайыр, кыялкеч, баарын жүрөккө жакын кабыл алган, кыялкеч кызмын.

– Дарегиңе кандай комплименттер айтылат?
– Көпчүлүгү “татынакай кыз болуп алып кыздай кейпиң жок го” дешет. Кээ бирлери “дерзская, күчтүү, эркек, респект сага. Сонун мушташат экенсиң!” деп комплимент айтышса, айрымдар “кокуу-уй, тийишпейлик бул кызга” деп күлдүрүшөт.

– “Сүйө бил” тасмасынан башка кинолордо тартылгансыңбы?
– 2009-жылы режиссёр Болот Шамшиевдин “Жаңгак токоюнун элеси” тасмасына кастингге барып, видеопробадан өтүп кеткем. Тасма Жалал-Абаддын Арсланбап токоюнда тартылган. Тилекке каршы, ал фильмдин уландысы революциядан кийин тартылбай калды.

– Сендей татына актрисанын сүйүктүүсү бар болду бекен?
– Ооба, сүйүктүүм бар, экөөбүз баш кошконбуз. Өмүрлүк жарым – менин таянычым, тирөөчүм, досум, ишеничтүү, сыйга татыктуу мырза. Келечекте эгиз балалуу болсок деп кыялданып келебиз.

Нурия: “ЛИ МИН ХО МЕНЕН БИР ТАСМАДА ТАРТЫЛГЫМ КЕЛЕТ”

Толук аты-жөнү – Тажидинова Нурия Адиловна
Туулган жылы – 1992-жыл, 26-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Тартылган тасмасы – “Гу Жун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?”

– Нурия, тасмадагы каарманыңа өзүң окшошсуңбу?
– Чынын айтсам, мен да Гу Жун Пёнун күйөрмандарынын биримин. “Мыкты жигиттер” жөнүндө сериалдын бир да сериясын калтырбай көргөм. Фильмдеги каарманым өзүмө окшош болгондуктан, киного тартылууда кыйынчылык жаралган жок.

– Кайсы атактуу актёр менен бир фильмде тартылгың келет?
– Албетте, Ли Мин Хо менен. Мен тартылган фильм жарыкка чыккандан кийин Кореяга баруу каалоом абдан күчөдү. Кореядагылар бизди өздөрүнүн долбоорлоруна чакырып жатыптыр. Буюрса, ушул жылы Кореяга баруу кыялым орундалат өңдөнөт.

– Фильм жарыкка чыккандан кийин адамдардын сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
– Ооба. Айрым алыс тааныш адамдар эле «ой, мен сени тааныйм, экөөбүз бир жерде окуйбуз, жашайбыз» деп айтып калышчу. Кээ бирлер көчөдө баратсаң сөөмөйү менен көрсөтүп, көздөрү менен ымдашып калышат. Негизи, менин эки эле жакын курбум бар. Калгандарына тегиз мамиле кылам.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Экрандагы жаңы жүздөрдү тааныйсызбы? 23-03-2012
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
applemac
2012-03-26 11:06:57
у альбины профиль высший класс!!!
0
MiraHon
2012-03-26 13:49:25
Nuriya Koreaga kelish kyiyn go, bular shou duinogo aralash uchun betterine kandai gana plastikalyk operatsiyalardy jazatyshat, jana dagy ai saiyin 5000 dolaarga kosmetologdorgo baryshat, aga akchanuz barby?
-1
ErDan
2012-03-26 21:27:25
Нурия:"Корейский тили" дейт! ))))
-1
NADUW
2012-03-26 21:39:08
обожаю Бакыт байке вас! особенно роли ваш!
0
janet
2012-03-27 00:33:00
Альбиночка случайно не транс?...
0
antivir
2012-03-27 18:10:53
Альбина;-)
0
AiTuShKa
2012-03-28 21:26:41
Нурия ты такая ГОРДАЯ((((((
0
Alabai
2012-03-30 13:24:59
БАкыт Братан ты красавчик
0
Alabai
2012-03-30 13:27:27
Кымбат ты красавица! Уважаю!
0
Alabai
2012-03-30 13:51:09
Кымбат я тебя люблю!
0
Naziwka
2012-03-30 20:27:17
kymbat 4yn ele Albaga okwop ketet eken...
0
nuris89
2012-04-07 01:07:02
a v znaete shto koreezi prosto obajaet nas. tak shto nuri9 udachi tebe
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан