ГОЛЛАНДИЯ
Ассоциациясы түптөлгөн жыл – 1889.
Башкы машыктыруучусу – Берт ван Марвейк.
Капитаны – Рафаэль ван дер Ваарт.
Мыкты бомбардири – Рекордчу: П.Клюйверт (40), азыркылардан Р. ван Нистелрой (35).
Эң көп оюн өткөргөн – Рекордчу: Эдвин ван дер Сар (130), азыркылардан Рафаэль ван дер Ваарт (93).
Эң ири жеңиши – 11:0 эсебинде Сан-Маринону (2011-жыл, 2-сентябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 12:2 эсебинде Англиядан (1907-жыл, 21-декабрь).
Жетишкендиги – «ЕВРО-1988дин» чемпиону жана 4 жолку коло медалчысы (1976, 1992, 2000, 2004)
ФИФАнын рейтингинде 2-орунда турат.
УЧАР ГОЛЛАНДДАР
Голландия футболчуларды «экспорттоо» боюнча Европада алдыңкы өлкөлөрдүн бирине кирет. Ал континенттеги элиталык курама командалардын катарын 40 жылдан бери толуктап келет. Антсе да алардын мактанарлык жеңиштери аз. Курама команданын музейинде азырынча «ЕВРО-1988дин» алтын медалы жана 3 мундиалдын (1974, 1978, 2010) күмүш медалдары бар. Тарыхта «Кызгылт түстүүлөрдүн» намысын талашып келген Йохан Круифф, Франк Райкаард, Руд Гуллит, Марк ван Бастен сыяктуу айтылуу футболчулар бар. Кезинде алардын суктандырарлык оюндарынан улам коомчулук аларды «учар голланддар» деп атап коюшкан. Бирок Голландия таланттарга бай болгону менен, башкы машыктыруучу жагынан жолдуу эмес. Улам чоң мелдеш сайын алмашкан башкы машыктыруучу азыркы күнгө чейин курамдын ийгилик жаратуусуна кедерги тийгизип келет.
МАШЫКТЫРУУЧУ ӨЗ СӨЗҮН АЙТА АЛАБЫ?
Учурдагы башкы машыктыруучусу Берт ван Марвейк «өлүм» тайпасынан сестенип турса да: «Өз сөзүңдү айтуу үчүн жеңип чыгышың керек»,- дейт. Алар күчтүү курам бар экенин «ЕВРО-2012нин» финалдык баскычына тандап алуу оюндарында бир да тең чыгуусуз жана жеңилүүсүз чыгуу менен көрсөтүштү. Мыкты команданын өкүлдөрү Европадагы эң беделдүү клубдардын курамында ойнойт. Айтсак, «көзүрлөрдөн» Робин ван Перси («Арсенал») менен Рафаэль ван дер Ваарт («Тоттенхэм») Англия Премьер-Лигасында, ал эми Арьен Роббен менен Клаас-Ян Хунтелар Германиянын Бундес Лигасында чаң салып жатат. Ал эми Африкадагы мундиалда мыкты оюнчулардын бири болгон Уэсли Снейдердин табында эместиги байкалууда. Ошентсе да алар «ЕВРО-2012нин» босогосун аттоого даяр. Алар акыркы жолу Англия курама командасын конокто утуп келишти (2:1 эсебинде). Бул мелдеште голландиялыктар Испания жана Германия сыяктуу эле чемпиондукка башкы талапкерлердин катарында.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg