Бул жолу спорт бетибиз УЕФАнын Чемпиондор Лигасына арналмакчы. Жакында аяктаган жарым чейрек финалынын жооптук оюндарында катуу тирештер менен катар жарым кашык сенсация катталды. Кийинки баскычка чыгуу үчүн канча аракеттенсе да миландык «Интер» ээрден жылмышса, биринчи оюндарын уттуруп, кийинки турга чыгары күмөн жарата баштаган мюнхендик «Бавария» менен лондондук «Челси» атаандаштарын утуп, кийинки баскычка сапар алышты. Ал эми тарыхында биринчи ирет чейрек финалдын босогосун аттап, сенсация жараткан кипрдик АПОЭЛди ким токтотот?
Төмөндө болуп өткөн оюндардын жана жума күнү ташталган чүчү кулактын жыйынтыгы берилди. Анан өзгөчө кызуу жүрүп жаткан бомбардирлердин жарышын сөз кылууну эп көрдүк.
6-7-марттагы жана 13-14-мартта өткөн оюндардын жыйынтыгы (кийинки турга чыккандар кара сыя менен баса белгиленип жазылды):
«Бенфика» (Порт.) – «Зенит» (Орус.) – 2:0 (биринчи оюн 2:3)
«Арсенал» (Анг.) – «Милан» (Итал.) – 3:0 (0:4)
АПОЭЛ (Кипр) – «Лион» (Фран.) – 1:0 (0:1) пен. 4:3
«Барселона» (Исп.) – «Байер» (Герм.) – 7:1 (3:1)
«Интер» (Итал.) – «Марсель» (Фран.) – 2:1 (0:1)
«Бавария» (Герм.) – «Базель» (Швей.) – 7:0 (0:1)
«Реал» (Исп.) – ЦСКА (Орус.) – 4:1 (1:1)
«Челси» (Анг.) – «Наполи» (Итал.) – 4:1 (1:3)
ЭЭ-ЖАА БЕРБЕГЕН ЛЕО
Чүчү кулактын жыйынтыгынан кийин калың эл да, букмекерлер да «финал мадриддик «Реал» менен каталондук «Барселонанын» ортосунда өтөт» деп айта башташты. Ал күндү азыртадан божомолдогондон алыспыз, ал эми бомбардирлерге токтолсок, үч жылдан бери Лиганын бомбардирлерин тизгиндеп келген «Барсанын» көкүрөк күчүгү Лионель Месси адаттагыдай эле быйыл да биринчи (12 гол). Анын быйылкы эрдиги «Байердин» дарбазасына 5 гол кийиргени болду. Ал 2009-жылы «Арсеналдын» дарбазасына 4 гол киргизип, плей-оффдо мындай эрдик кылган бирден-бир оюнчу болуп келсе, эми ал 5 гол киргизген оюнчу болуп калды. Чүчү кулактын жыйынтыгы жана бомбардирлер тизмегинин алдыңкы бештиги менен таанышып коюңуз.
БОМБАРДИРЛЕР