«Супер-Инфонун» эң алгачкы утуш-оюну «Алтын барактын» баш байге ээси Сиражидин Маматкулов: «ӨЗҮМДҮ «СУПЕР-ИНФОНУН» КЫЗМАТКЕРИ СЕЗЧҮМҮН»

«СУПЕР-ИНФОНУН» 2 ТЕЛЕВИЗОРУН УТУП АЛЫП УЯЛГАМ»

– Акча кармап көздөрү жайнаган адамды тааныдыңызбы, окурман? Ооба, бул «Супер-Инфо» гезитинин мындан 10 жыл мурун уюштурган «Алтын барак» супер утушунун баш байгесинин жеңүүчүсү – Сиражидин Маматкулов.
Бир кезде мен да Сиражидин байке сыяктуу гезиттин активдүү окурманы, "Алтын барак" супер утушунун жеңүүчүсү болуп, телевизор кучактаган сүрөтүм гезиттин башкы бетинде 1 жылдан ашык турган. Бул күндөрдү мен сыймыктануу менен эскерип келем.
Эсимде, гезит жаңы ачылганына карабай баш байгесине телевизор, уюлдук телефон, 10 000 сом акчалай сыйлыктар коюлган "Алтын барак" супер утушун жарыялаган эле. Алгачкылардан болуп толтуруп, ачкыч сөзүн таап жөнөткөн адамга 200 сом, кийинкилерине 100, 50 сом акчалай сыйлыктар коюлчу жана 40тан ашык "Алтын барак" чогулткан окурмандар финалдык оюнга катышууга мүмкүнчүлүк алчу.
Оюндун 1-туру филармонияда, жаңы жылдык концерт учурунда болгон. Ошол кездеги «Супердин» дагы бир активдүү окурманы, курбум Алимпиада «жүрү, үйдө бекер отурганча оюнга катышып келебиз» дегенинен ээрчишип концертке келгенбиз.
Сахна ачылганда эле тизилип турган байгелерди көрүп, курбумдун жанын койбой деп кайра-кайра сурап коём. Ал «билбейм, бизди го» деп жылмайып гана коёт. Ошентип, «ким утат болду экен?» деп ойлонуп отуруп концерттин ортосуна жеткенин да сезбептирмин. Бир убакта алпаруучу тотализатордун шарларын аралаштырып, оюнду баштады. Кылычбек байке улам түшкөн номерлерди көтөрүп, «бул номердин ээси залда барбы?» деп сурайт. Эч ким унчукпайт. Бир убакта "4-номер, байгеси телевизор" деп жарыялап калды. Сахнага кантип чыкканымды деле билбейм... Мени куттукташып телевизордун пультун колума карматышты. Ал кезде пульт менен иштеген телевизорлор Кыргызстанда карапайым калкка жайыла элек кез болчу. «Утушун го уттум, эми кантип алып кетем? Вахта жабылды (жатаканада жашачумун). Каякка алып барам?..» деп ойлонуп отуруп концерт көргөндөй болгон жокмун. Концерт бүткөндөн кийин белегимди алганы сахна тарапка өтүп барсам, «Супер-Инфонун» жамааты куттукташып, "бул биздин эң биринчи жакшылыгыбыз, майрамдайбыз" деп кафеге алып киришти. Андан соң курбумдун үйүнө чейин жеткирип, орнотуп берип кетишкен эле.
Азыркы күнгө чейин бул телевизорумду ак жолтой деп коём. Анткени кийинки жылы эжемдин атынан да толтуруп жүрүп, «Супер-Инфонун» экинчи телевизорун ага утуп бергем. Менин эки телевизор утканымды билген кесиптешим Азамат Сагынбаев «мунун уяты жок. Биздин эки телевизорубузду утуп алып, уялбай келип иштеп жатат» деп мени тамашалап калат.



Менден кийин гезиттин баш байгелерине Жылдыз Бейшеева жана Сиражидин Маматкулов деген окурмандар да ээ болуп, бир жылдай үчөөбүздүн сүрөтүбүз гезиттин башкы бетине чыгып жүрдү. Ал гана эмес, гезит бизди ошол кезде жылдыздар гана чыкчу "Сыр сандык" телеберүүсүнө алып чыгып, жылдыз кылышкан. Бүгүн ошол жеңүүчүлөр кайда болду экен деген ой менен аларды издештирип жүрүп, Орусияда иштеп жүргөн Сиражидин байкени таап, телефон аркылуу баарлаштым.

– Сиражидин байке, саламатсызбы?
– Саламатчылык. Мен сени тааныбаптырмын. Дамирамын десең, мага заказ берген кыздар го деп ойлоптурмун.

– Заказ дейсизби? Эмнеге заказ алып иштеп жатасыз?
– Косметикалык каражаттарды саткан фирмада иштеп жатам. Москвага келгениме 6 айдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, директорлук кызматка көтөрүлүп калдым. Балдарымдын келечегине жакшы шарт түзүп берүү максатында бул жакка баса бергем.

– Жакшы экен. Орусияга кетип «Супер-Инфону» унутуп калбадыңызбы?
– Кантип унутайын? Бул жакка келгенде деле издеп таап окуп жатам. Менин гезиттин фанаты экенимди билген балдар өздөрү алып келип, 20-30 рублдан сатып кетишет. Өткөндө бир санын албай калып, темир жол бекетинен 50 рублга сатып алдым. Кээде сайттан да окуп калам. Негизинен, «Супер-Инфону» менин чыгармачылыгымдын башаты десем болот. Жумасына 8-9 гезит сатып алып куттуктоолорумду, ырларымды жазып жөнөтчүмүн. Ошентип, ар бир санына ыр жазып жүрүп такшалдым. Буюрса, ыр жыйнагымды чыгарсамбы деп ойлоп жүрөм. Биринчи жолу барганымда кеңседе жалаң кыздар отурушуптур. Үйгө келерим менен:

«Супердин» дарегине барып калсам,
Сулуу кызга көзүм түшүп жымыңдаган.
Сагынып кайра-кайра баргым келет,
Салам айтып офиске сен отурган.
Бирок билбейм, ким экенин сенин атың,
Балким, бар чыгар туу туткан, сүйгөн жарың.
Байкабай капа кылып албасам экен,
Бажырайган көздөрүңдөн кагылайын...-
деп ыр саптарын жазып жибергем.

– Чын эле, кимисине арнадыңыз эле?
– Кийинки жумада барсам, Атыркүл «байке, кимибизге арнадыңыз эле? Карасак, баарыбыздын көзүбүз жайнайт» деп тамашалап калды. "Силер аркылуу «Супер-Инфого» сүйүүмдү билдиргем" деп жооп бергем. Чынында, ошол кезде өзүмдү «Супер-Инфодо» иштегендей эле сезчүмүн.

– Утуп алган 10 000 сомуңузду эмнеге коротконуңуз эсиңиздеби?
– 2003-жыл эмес беле. Акчанын күчү жакшы болчу анда. Тааныштарыма "жууп" бергем. Анан ошол кезде булгаары күрмө мода болчу, өзүмө ошону сатып алгам. Келинчегиме духовка сатып бергем.

– Кечээ сизди издеп үйүңүзгө барганымда балдарыңыздын да сизди тартып гезитибиздин фанаттары экенин байкадым...
– Ооба, кыздарым да, уулум да фанат. Күркөлөрдө калбай калса кантебиз деп почтага жазылып алышкан. Жума күнү таркатып кетишет. Ар бир макаланы окуп чыгышат. Өткөндө Атыркүлдүн интервьюсунда атым чыккан экен, «ата, сиз чыгыптырсыз» деп салып жиберишиптир. Балдарыма "Супер-Инфодо" жалаң кыйын кызматкерлер иштейт. Мурун 5-6 адам эле жумасына 3 гезитти: "Супер сканворддорду", "Акыл-эс майданын", "Супер-Инфону" чыгарып бизди жыргатышчу. Жума сайын акчалай сыйлык алчу элек" деп мактанып калам. Гезит мурдагысынан да кызыгы артып баратат, бардык тематикаларды камтып. Гезиттин 10 жылдык мааракесине карата байге ойнотуп, жакшы иш баштапсыздар. Сен экөөбүзгө окшоп утсам деген окурмандар көп болсо керек. Ар убак ишиңиздердин ийгилиги арта берсин.

– Кыргызстанга качан кайтасыз?
– Жеңеңерден 1 жылга деп эле суранып чыккам. Буюрса, кызмат ордумду дагы бир тепкичке көтөрүп, анан барам.

– Ойлогон ой-максаттарыңыз ишке ашсын.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфо" ойноткон алгачкы ири байгенин ээси, азыркы кызматкери Дамира Арстанова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shah
2012-03-28 19:40:51
мммм жакшы экен
+1
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан