«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата коюлган байгенин ээси, Ат-Башы району боюнча жеңүүчү Сайкал Касымбекова: «БАЙГЕМДИ КАЙЫНСИҢДИМЕ БЕЛЕК КЫЛ

– Сайкал эже, жеңишиңиз кут болсун!
– Чоң рахмат! Үй-бүлөбүз менен кубанычтабыз.
– Алгачкылардан болуп сизди ким куттуктады?
– Иним. Менден биринчи гезит алган экен, ошол жерден окуптур. Анан апабызга сүйүнчүлөдүк.
– Суроолордун баарына так, туура, гезиттин кайсы санына чыкканына чейин жооп бериптирсиз...
– Негизи, "Супер-Инфону" 2003-жылдан бери үзбөй окуп, ар бир санын чогултуп келем. Эринбестен гезиттердин ар бирин карап чыгып, суроолорго толук жооп жазганга аракеттендим.
– Кир жуучу машинаңыз бар беле?
– Ооба, бар болчу. Бул байгемди кайынсиңдим Айсулууга белек кылууну чечтим. Кечээ сиздерден белегимди ошол кайынсиңдим алып кетти. Ал да гезиттин активдүү окурманы. Үйүнө алып баргандан кийин ачып көрүп, "жеңе, Түркиядан чыгарылыптыр. Сапаты аябай жакшы" деп мактады.
– Гезитти аларыңыз менен кайсы макаланы окуйсуз?
– Бир сыйра барактап алам да, сериалдан окуп баштайм. Алты жаштагы уулум "Алтын балалыкты" сүйүп окуйт. Бирок ушул беттин акыркы убакта аз чыгып калганы мени өкүндүрөт. Уулум "менин барагым кана?" деп таппай калып жатат.
Балаңызды таарынтпаганга аракет кылабыз. Ар дайым биз менен бирге болуңуздар.


ӨТКӨН АПТАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ:

НАРЫН районунан Өмүрбекова Жазгүл Өмүрбековна
ЖАЙЫЛ районунан Курманова Жылдызкан Жекшенбековна
Урматтуу жеңүүчүлөр, (0312) 32-33-27 номерине байланышып, белегиңиздерди редакциядан алып кетсеңиздер болот.

Өткөн апталарда жеңүүчүлөрү табылбаган ЧАТКАЛ, КАРА-КУЛЖА, КАРА-БУУРА, АКСЫ райондорундагы окурмандарыбызга бул ирет дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик. Аталган аймактардагы окурмандарыбыз бул жумадагы утушка катыша алышат. Андыктан, чамдаңыздар!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан