Эмил Үмөталиев: «ВИЗАЛЫК РЕЖИМ – КУЛДУК РЕЖИМ»

ВИЗА – БАЙ САЯКАТЧЫЛАРДЫ КАЧЫРАТ
Учурда Кыргызстан 17 өлкөнүн жарандарын визасыз кабыл алат. Алардын атуулдары Кыргызстанга келүү үчүн виза деп баш оорутушпайт. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстандын чек арасын аттаган туристтердин 90 пайызын да ушул өлкөдөн келгендер түзөт. Башка мамлекеттен келгендер эмне үчүн аз? Канткен менен бир чындык бар. Дүйнөдө Кыргызстан сыяктуу жаратылышы кооз жерлер аз дейсизби. Балким, келчү туристтер чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтеринен виза ачтыруу машакатынан качып, визасыз кирүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдү тандашар?.. Анткени виза ачтыруу бир канча убакытты алат. Өкмөт көтөргөн демилге да ушул нерсеге барып такалууда. Өнүккөн 41 өлкөгө визасыз режим киргизип, туризмди өнүктүрүү, аны менен экономиканы жок дегенде бир баскычка көтөрүү. Бул демилгеге УКМК ички коопсуздукка коркунуч туудурат деп, ТИМ сырттагы элчиликтерди каржылоо кыйындайт деп каршы болушкан. Азыр деле каршы пикирлер бар экендигине өткөн сандарыбызда токтолгонбуз. Пайда-зыянын таразалап көрдүбү, айтор, аты аталган эки орган да бүгүнкү шартта визасыз режим киргизүү туура экенине ынанып баш ийкешти. Ошондой эле Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү да муну колдоого алды, бирок андагы 90 күндүк мөөнөттү 60 күндүк кылып кыскартууну сунуш кылышты.
Бул маселе 1995-жылдары да көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес. Демилгени кайрадан 2010-жылы көтөрүп чыккан бизнесмен, коомдук ишмер, мурдагы Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевге кайрылдык:

– Эмил мырза, визасыз режимден эмне таап, эмне жоготобуз?
– Биз Сталин чектеп койгон эски режимден баш чыгара албай жатабыз. Совет доорунда социалисттик өлкөлөр башка дүйнө жүзүнөн чектелип алып, биздин жарандарды эч жакка чыгарчу эмес. Адамдардын каалаган өлкөсүнө барууга укугу жок болчу. СССР кулагандан кийин бул чектөө жоюлганы менен, азыркы күнгө чейин ал өлкөлөрдүн башка өлкөлөр менен соода, маданий, дегеле эркин мамиле түзүүсү дагы эле чектелүү бойдон келе жатат. Биз эркин өлкөбүз. Эмнеге биз аны чектейбиз? Эмне үчүн кайсы бир чиновниктен сурап алышыбыз керек, “мен коногумду чакырып жатам, ошого уруксат берип койчу” деп. Визалык режим бул – кулдук режим.
Мамлекет кайсы бир өлкөлөр менен бирге туризм тармагын өнүктүрөм десе, ал ошол өлкөлөрдөн өзүнө конок чакырат. Эгер кайсы бир өлкөнү душман катары санаса гана ошолор менен болгон мамилесин виза аркылуу чектейт деген сөз. Же кайсы бир өлкөнүн экономикасы биздикинен төмөн болуп, алардын бизге пайдасынан зыяны көп болуп, кылмыштуулук, миграция көйгөйлөрү жаралып, же келип биздин жумуш орундарыбызды талашып жатса гана ушинтип чектесек жарашмак.

– Визасыз режим кирсе эле туристтердин саны өсөт, өлкөнүн даражасы көтөрүлөт деп ишенимдүү айта аласызбы?
– Ооба, бул көзгө көрүнүп турган нерсе. Туристтердин саны өзүнөн өзү эле көбөйөрүнө көзүбүз жетип турат. Анткени азыр чет элдик туристтер, мисалы, Өзбекстанда, Кашкарда же Алматыда эс алып жүрүп, кокустан бизге да кире кетебиз дешсе, виза маселеси аларды токтотуп турат. Эгер бизде визасыз режим болсо, анда ошолордун 10 дебейин 1 эле пайызы биздин өлкөгө кирип-чыга берсе, биз үчүн бул аябай чоң киреше. Экинчиден, өлкө туристтердин көбөйүүсү менен биздин ведомстволор виза даярдап сатуудан жоготуп жаткан акчадан 10 эсе көп таба баштайт. Бул эсептелген.

– Туристтердин бизге келүүдө виза алуусу машакаттуу ишпи?
– Аябай машакаттуу иш. Азыр айрым чиновниктер “30 евро деген эмне, чет өлкөлүктөргө акча деле эмес” деп айтышууда. Виза алууда 70-100 еврого чейин чыгып кеткен учурлар болот. Экинчиден, 30 эмес, 10 еврону ошол чиновник жөн эле бирөөгө берип көрсүнчү? Бул акчаны таптакыр түшүнбөгөн адамдын сөзү. Европалык адам эмес, миллионер дагы бекерге 10 евро коротпойт. Акча деген акча. Үчүнчүдөн, бул убаракерчилик. Дүйнө кенен, туристтердин тандай турган жерлери көп. Анан эмнеге Кыргызстанга келем деп визанын машакатын тартышы керек? Ошондой эле виза алууда ал адам ошол өлкөнүн коопсуздугу жөнүндө начар ойдо калышы мүмкүн. Алар карайт, эгер визасыз болсо, анда ал өлкө меймандос эл экен деген ойдо, эгер визалык режим менен болсо, анда меймандос эмес деген ойдо калат. Эң коркунучтуусу – билимдүү батыштын саякатчылары үчүн бул кандайдыр бир коркунучтун далили. Демек, бизге ишеними жок экен деген ой калат аларда.

– Туризмди өнүктүрүү үчүн дагы кандай иштер жасалбай жатат?
– Визасыз режим болсо эле жыргап кетебиз деп айтууга болбойт. Көп нерсени жасашыбыз керек. Эң биринчи, бул иштин аягына чыгышыбыз зарыл. Андан соң өнүгүүнүн ар тараптуу жолдорун өнүктүрүшүбүз керек. Анын бири – ачык асман саясаты. Пакистан менен Ооганстанга караганда биздин үстүбүздөн Европа менен өнүккөн Азияга, Азиядан кайра Европага учуп өтүүлөр көп болот. Ошол асмандагы аба жолдорун бизден сурап алып, акчасын төлөп учушат. Биздин үстүбүздөн учуп жаткан соң ошолорду өзүбүздүн өлкөгө кондуруп алсак, андан эки эсе ашык пайда көрмөкпүз. Эгерде өлкө айрым коопсуздуктарды айтып эркиндиктен баш тартам десе, бул чоң жаңылыштык. Ошондуктан бизге азыр чечкиндүүлүк, баатырдык сапат керек болуп турат.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
cosmopolit
2012-03-30 01:08:09
Бир чети туура...Бирок байкуш кргыздар варианттарын издегенди билбейбиз башыбызды оорутуп шылтоо, себептерин чукугандан башка...Туризмде эн негизгиси сервисти онкткркш керек...кыргыздар кичине туристтерге мамиле кылганды уйронуш керек орондобой...
0
Nama
2012-04-01 18:03:15
Ооба Эмил байкебиз туура айтат.Мен жонокой эле мисал айтайын:Кошунабыз Тажикистандын жарандары да транзит катары отуп кетсе да биздин пограничниктер,милицияларыбыз аларга корбогон кордукту корсотушот.Ошондуктан алар кымбат болсо да самолет менен озубузго учайлы деп безилдешет.Аларга визасыз эле кирууго уруксат берип койсок коптогон Тажикистандыктар через Кыргызстан сыртка чыгат,кайра кирет.Ар бир откондо 1 курут сатып алса да пайдасын озубуздун эл корот.Таксилерибиздин чонтоктору домпоет.
0
nuris89
2012-04-07 02:00:52
en tuuura chontoktor dompoiot.korup turgan nerseni jasabagan kok meebiz da ozu chechkinduuluk jok.daim biroodon korkup turabiz
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан