Өкмөт автоунааларды ишеним кагаз менен айдоого жана сатууга тыюу салуу боюнча токтомдун долбоорун даярдады. Бул долбоордун негизинде айдоочулар эми автоунааларды ишеним кагаз боюнча сата алышпайт. Автоунааны сатуу үчүн транспорттук каражаттын күбөлүгүн сатып алуучунун атына каттоо керек. Биринчи каттоодо автоунаанын жалпы баасынын 5 пайызы төлөнүп катталат. Бул чара адамдардын көпчүлүгү ишеним кагазы боюнча сатып жатышкандыктан улам жасалып жатканы айтылат. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Кыргызстанда 225 миң ишеним кагазы катталып, 46 миң унаа гана кайрадан каттоодон өткөн. Анткени кайра каттоого 5 пайыздык өлчөм боюнча 6000 сом төлөнсө, ишеним кагазын даярдоого 800-1000 сом гана кетет.