Өлкөнүн премьер-министри Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө жашап-иштеген Нурланбек Надырбаев жана Богдан Тагаев менен жолукту. Бул эки жигит өкмөткө кат менен кайрылып, кыргыз эл-жери үчүн иштөө тилектерин айтышкан.
Нурланбек Надырбаев 35 жашта, Орусияда камсыздандыруу боюнча ири компаниянын башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген. Ал эми Богдан Тагаев 36 жашта, Англиядагы чоң компаниянын вице-президенти, “Винлайн” ЖЧКсынын башкы директору, "Ericsson" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору.
Премьер Өкмөттүн алдындагы Каржылык рынокко көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын биринчи орун басарлыгын Надырбаевге сунуштады. Надырбаев кыргыз жарандыгын алганга дейре аталган кызматтын башчысынын кеңешчиси катары иштейт. Ал эми Тагаевге Тышкы иштер министринин орун басарлыгы сунуш кылынды.