Буга чейин Маданият жана маалымат министрлигин жетектеп, жаңы өкмөт бийликке келгенде кызматтан кеткен Нурланбек Шакиев "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге кеңешчи болуп иштей баштады. "Бир-эки жыл саясаттан алыстап, убактымды өзүмө, үй-бүлөмө, жеке иштериме арнайын дегем. Болбоду, саясат өз казанына кайрадан тартып кетти",- деп билдирди Нурлан мырза.