Москвада кыргызстандык 19 жаштагы кызды өрттөп жиберген 21 жаштагы адам кармалды. Окуя Москва шаарында 2011-жылдын 10-июлунда болгон. Азербайжандын жараны Талех Юсуф-оглы Омаров Кыргызстандын жараны Бегимай Акунова кечке маал көчөдө баратканда үстүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. От күйөрү менен көздөн кайым болгон. Бегимай ооруканага жеткирилгенине карабай денесинин 55 пайызы күйүп кеткен. "Бул нерсе кызганычтан улам болгон" деген жоромол бар. Омаровго каршы кылмыш иши козголуп, 11-март күнү Омаров кармалган. Кылмышкер учурда Москванын №2-СИЗОсунда.