ОШ, ЖАЛАЛ-АБАДДА КАР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ КҮЧҮНДӨ

17-мартта Ош-Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, 7 адам кар астында калган. Бул бөөдө кырсыкта 3 киши каза таап, быйылкы жылдын эсебинен биринчи курмандыктар катталды. 20-март күнү Бишкек-Ош жолу өткөн Токтогул районунда унаалар кар көчкүнүн туткунуна түшүп, анда 2 адам көз жумган.
Эң өкүнүчтүүсү 3 өспүрүмдүн жакындарын кайгыга салып капыстан о дүйнө аттанганы болду. 18-март күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаш балдар жылкы издейбиз деп тоого чыгып кеткен бойдон кайтпай калышкан. Ошондой эле Ош облусундагы Алай районунун Нур айылынын тургуну Темирбек Жумашевдин үйүн кар көчкү басып калып, анын кызы да каза тапкан.
ӨКМнын басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун айтымында, кар көчкү негизинен түштөн кийинки убакта, башкача айтканда, күн жылып, кар эриген убакта болот. Азыркы убакта кар көчкү коркунучу Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында күчүндө. Жакынкы 2-3 ай аралыгында төмөнкү жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар:
Бишкек-Ош унаа жолу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолу, Чаткал районунун ичиндеги Красная Горка-Ак-Таш унаа жолу, Түп-Кеген унаа жолу, Каракол-Эңилчек унаа жолу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолу, Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан