“Ата Мекен” фракциясы Исхак Пирматовду Башкы прокуратура тарабынан депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу боюнча көрсөтмөсүн колдоп берди. Парламент – мамлекеттик бийликтин бир бутагы, демек, коррупция деп айгайлаган депутаттар биринчи өз катарын тазалоодон баштаганы оң. Ошентип, аталган партия өз милдетин аткарып, ак чөп таштап койду. Былтыр апрель айында Өмүрбек Текебаев биринчи болуп Исхак мырза жетектеп тургандагы “Кыргызнефтегаз” ААКсынын коррупциялык схемаларын айтып чыккан. Андан келип чыккан мамлекетке тийгизген зыяндын көлөмү, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 258 миллион сомду түзөт.