Оппозициянын ири митинги 1-мартта Ош шаарында болуп өткөн эле. Анда айтылган талаптардын аткарылышына бийликке 15-мартка чейин убакыт беришкен. Эң негизгиси, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу керек деген талап коюшкан. Минтип бийлик тараптан реакция болбогон соң алар 31-мартта кайрадан митингге чогулууну пландап жатышат. Бул сапар Баткен тандалды.
“Мындан мурунку эки революция да бийликтин эл үнүн укпай койгондугунан улам чыккан. Баткендеги митингге 20 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. Биз дагы бир ирет бийлик менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Эгер алар эл үнүн угушпаса, анда биз борбордо да чоң митингге чыгабыз”,- деди Камчыбек мырза.