Арстанбек мырза: «МЕН КЫРГЫЗСТАНДА ЭМЕС, БАТЫШТА КЫШ БОЛБОЙТ ДЕГЕМ»

Өткөн жылдын ноябрь айында “кыш болбойт” деген билдирүүсү менен көпчүлүктүн оозун Ошту караткан Арстанбек Абдылдаевди кыска кепке тарттык. "Кыш болбойт дедиңиз эле, кыштан кантип чыктыңыз?" деп.

– "Кыш болбойт" деген сөздү эмнеге таянып айткансыз?
– Эл туура эмес түшүнүп алды. Батыш өлкөлөрүндө кыш болбойт, суу каптайт деп айткам. Бул сөз – көкүрөк сезим менен айтылган маалымат. Чындыгында, декабрь жана январь айларында Батыш өлкөлөрүндө суук болгон жок. Мисалы, Германияда сууга түшүп Жаңы жыл тосушту. Экинчи мааниси, эски доор бүтүп жаткан убакта адамдын көкүрөгүндө кыш, муз болбой, бири-бирибизге жакшылык гана каалап, ниет-пейилибизди түздөшүбүз керек. Үчүнчүдөн, Түндүк Муз океаны эрип, Жер эне жаңы Алтын Доорго даярданып, иретке келип жатат. Үч-төрт жылдан кийин кыш азыркыдай болбой жеңил болуп калат.

– "Путин – биоробот" деп чыктыңыз. Муну эмненин негизинде айттыңыз?
– Анын баарын мага түшкөн маалыматтын негизинде айткам. "Путин – татаал биоробот, анын генинде дүйнөнү сактап калуучу ген катылган жана сенде да келечектин коду бар" деген маалымат түшкөн. Кыргызстан – дүйнөнүн борбору. Кыргыздар арийлердин канынан жаралган. Орус эли да арийлердин канынан жаралгандыктан, Кыргызстан менен Путин дүйнөнү сактап калат деп айткам.

"Быйыл кыш сиздин сөзүңүзгө каардандыбы, өзгөчө оор болду. Кыштан кантип чыктыңыз?" деген сурообузга Арстанбек мырзанын жооп бергиси келген жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
osh.kg
2012-03-27 14:29:56
соз жок
0
aote
2012-03-27 16:49:11
bul temani sayasatka emes,anekdot je jomok temasina koyuw kerek
0
basta
2012-03-28 01:47:20
Арстан брат весна не будет деп койчу жаз эртерээк келсин кыштан тажадык
0
Rustik90
2012-03-28 12:10:03
Хехехе бул кишини Акипресске жакын жолотпош керек а то Кыргызды уят кылып буто турган болду. Айткан создорун Бир кулуп Бир жинденип угамын. Соз жок, чыныгы акылынан тайган нерсе турбайбы бул Арстанбек Абдылдаев
0
snejinka
2012-03-28 12:34:19
кулкунду келтирет экен го бул...жакындары деле айтышса болмок- бул эмнен деп...
0
Zirek_kyz
2012-03-29 09:17:31
Кудайдын каарына калып,сөз жок."Зима не будет" деп,сенин көзуңө сайып көрсөтуш керек экен.Башка тоолуу жерлерди билбедим,биздин айылда 2метрден ашык кар жатат.Эл малын тойгуза албай кырылып атат.же малын,же балдарын тойгузарын билбей элдин айласы кетип атат.Ұзұлбөгөн үмут менен чоңдорго кайрылайын дешсе,жол жабык қөчкудөн.Акча салып жетишпейтабыз.зима не будет имиш дагы.АЛЛАХтан корксоңуз боло.Аки пресске эмне бар сизг
0
Zirek_kyz
2012-03-29 09:20:25
Аки пресске эмне бар сизге?мечитке барыңыз андан көрө.Дагы бир жөө жомогуңузду баштай элегиңизде((((
0
future_kg
2012-03-29 10:30:57
Арстанбек Алай десе мен кыргыздын чыныгы патриот мусулманы десе, каяактагы доодурогон Ош базарындагы цыгандан айырмасы жок турбайбы!Супер инфодо смс бидируу жеринде Арстанбек алай сиз укмушсуз. сиз дей атуулдар чыкса экен десе ,мен ий кийин бир патриот чыгыптыр,эми онолобуз десе!
0
aliaskarbek
2012-03-29 17:44:01
future_kg, alar aldamchy eldi panika kyluuchularda
0
Jamalym
2012-03-30 01:15:10
Путинге жалмандап президент болоюн деген го "Путиндин генинде дуйнону сактап калуучу ген катылган жана сенде да келечектин коду бар"деген созуно караганда."Сенде да"дегени бул-мен президент болушум керек дегени окшойт.Элге жардам берчилениз,андан коро ошол ишинизди эле аткарып журо берсениз болмок,эми элге "макоо"корунуп калдыныз.Информация тушту ден?Кызык.
0
orbitka
2012-03-30 10:04:32
Мына сага деп карга
башын сайыш керек болчу да бул ванганы)))
0
Nurlan_ARF
2012-03-30 13:47:41
Улуттук кийими сонун жарашкан бирок :)
0
balia
2012-03-30 15:27:01
ээ интернетте соннун мантаждап салыптырго бирок окшошуптур :) Кыргызстан – дүйнөнүн борбору. ХА ХА ХА ХАААА
0
applemac
2012-03-30 19:38:19
койгула эми бул кишини жайына
ар кимдин мировозрениеси ар башка да
негизгиси кыргызстанды кыргызды жамандаваптыр го
0
applemac
2012-03-30 19:39:36
мумкун бир кун келип элдин сознаниеси 360-градуска озгоргондо бул кишини мумкун тушуноттурбуз, пока жашпыз. чон адамга сын такпайле коелу!
0
sniperkg
2012-03-30 22:48:48
"шас вы будете смеятся..но настанет тот ден когда поверети"))
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан