БАЛДАР ҮЙҮНӨН ЧЫККАНДАР КАЙДА БАРАТ?

Балдар үйүнө барып көргөнсүзбү? Бир жолу барып алардын көзүндөгү үмүтсүздүктү көрүп, көпкө чейин кыйналып жүргөм. Ошондон бери мени "мезгил жетип Балдар үйүнөн чыккандан кийин булардын тагдыры кандай болот?" деген суроо кыйнайт...

ЭРТЕҢИ ЭМНЕ БОЛОТ?
Адатта, үй-бүлөдө чоңойгон баланын мектепти бүткөндөн кийинки жолу бир аз да болсо айкын. Окуйт же иштейт, туугандарынын, ата-энесинин пикирине, кеңешине таянат дегендей. Ал эми Балдар үйүндөгү балдар чын эле кайда барышат? Жашы 18ге толду. Иштейин десе иши, барайын десе үйү же кеңеш берер адамы жок. Биз барган Военно-Антоновка айылында жайгашкан Балдар үйүндө 110 бала тарбияланат.
Бул Балдар үйүнүн директору Аскар Масыловду кепке тарттык:
– Чындыгында, бул маселе менин да көкүрөгүмдө жүрөт. Балдарды 9-класска чейин мектепте окутабыз. Бул арада 8-класстан баштап ар кандай курска катыштырабыз. Кийин ашпозчуга жардамчы болобу же чач тарач болуп иштесе да күнүмдүк жашоосуна жетишерлик акча тапса экен деген тилек. Мектепти аяктаган соң бардыгын кесиптик техникумдарга тапшыртабыз. Биздин чоң турмушка багыттаган жардамыбыз ушул гана. Ал жакты бүткөн соң ар бири өз жашоосу менен алек болот.
– Балдардын кийинки тагдырынан кабар алып турасыздарбы?
– Балдардын ар биринин мүнөзүн билип каласың. Ушунча жыл колуңда өссө, өзүбүздүн эле балдардай болуп калат. Кыйналып бизге жардам сурап келишсе, колубуздан келишинче колдогонго аракеттенебиз. Кээде балдарым кыйналып же кырсыктап калганын угуп калсам, жүрөгүм ачышат. Балким, Балдар үйүндөгү балдарга техникумду аяктаган соң мамлекет тарабынан убактылуу болсо да кандайдыр бир баш калкалоочу жай болсо, көпчүлүгү бутуна туруп кетмек беле?..
– Бутуна туруп, келечегин түзүп кеткендер барбы?
– Андай азамат балдарыбыз да бар. 2-3 балабыз чет элдик фирмаларда иштеп жүрүп, чет өлкөгө да кетишти. Техникумда окуп жаткан балдарыбыз сынак китепчелерин (зачётка) алып келип жакшы бааларын көрсөтсө, кадимкидей сүйүнүп калабыз.

"БАЛДАР ҮЙҮ ИНКУБАТОРДОЙ ЭЛЕ"
Балдар үйүндөгүлөр уядан учуп кетсе да, бул жакка тез-тез келип турушат экен. Жашы 30дарга барып калган бул жигит агайы менен учурашканга келип калган экен.
ЕВГЕНИЙ МАХМУТОВ Балдар үйүнөн кеткенден кийинки турмушун айтып берди:
– Мен Балдар үйүнө 1989-жылы келип түшкөм. Чынын айтсам, эч кандай кайгы жок, тамагың даяр, кийим-кечеңди алып келип берет. Бирөө капа кылса, мугалимдер бар. Балдар үйүндө тарбиялангандардын кийинки турмушка даярдыгы жок болорун өз башымдан билдим. Мен да ушундай жашоого көнүп калыпмын, окууну бүткөндөн кийин аябай кыйналдым. Техникумда 3 жыл окудум. Балдар үйү бул – инкубатор, ал жактагы балдардын көпчүлүгү чечкинсиз. Себеби 20 жашка чейин бирөөнүн карамагында жашайт. Чыныгы жашоону билбейт.
Балдар үйүнүн мектебинде окуп жүргөндө бир байке менен таанышып калгам, мага анда-санда келип турчу. Кийин ошол кишинин үйүнө барууга туура келди. Ал суу каналга сантехник кылып жумушка орноштуруп койду, мен иштей баштадым. Кийин бир кыргыз байкеге иштеп калдым. Үйүнүн полун жасап бердим, ага аябай жагып, кийин үйүнө келген коноктору да үйлөрүнө чакыра баштады.
Азыр үйлөнгөм, өз арабамды кылдыратып жүрөм. Мени "орус бала" деп Кызыл-Кыяда көптөр таанышат. Башымдан көп кыйынчылыктар өттү, ансыз жашоо болбойт экен. Бирок, эң негизгиси, жолумду таптым.
Кийинки маектешим АЙСАЛКЫН аттуу кыз болду. Анын Балдар үйүндө сиңдиси тарбияланып жаткандыктан, ошого келген экен:
– Балдар үйүндө тарбияландым. Мектепти аяктаган соң агай-эжекелердин жардамы менен Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин лингвистика факультетине тапшырып окуп калдым. Азыр жашоом жакшы.Өзүмдү өзүм бакканга кудуретим жетет, эч кимге көз каранды эмесмин. Буюрса, чет өлкөгө чыгып иштеп келейин деген максатым бар, аны менен бирге чет тилди үйрөнүп, жакшы жумуш тапканга мүмкүнчүлүгүм болуп калар. Келечекте бутума туруп кетем деп ишенем. Ар бир адам өз тагдырын өзү чечет жана анын ийгилиги жасаган аракетинде деп ойлойм.

САЛТАНАТ МАМБЕТОВА,
Билим берүү министрлигинин башкы адиси:
– Балдар 7 жаштан 17 жашка чейин Балдар үйүндө тарбияланса, андан кийин кесиптик техникум же башка окуу жайларында бекер окушат. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары 20 жашка чейин толугу менен мамлекеттин карамагында. Ал убакыттын ичинде алар сөзсүз 1 же 2 кесиптин ээси болуп чыгышат. Бул аларды Балдар үйүнөн чыккандан кийинки жашоосуна акча табууга багыттайт. 2012-жылдын январь айынан тарта биздин Билим берүү жана илим министрлиги Эл аралык компания менен биргеликте "Ийгиликке паспорт" аталышындагы пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул долбоор боюнча Балдар үйүндө тарбиялангандарга кесиптик техникум жана окуу жайларын аяктагандан кийин да жумуш орундары жана жатакана менен камсыз болууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Бул балдарга мамлекет тарабынан колдоо жана жашоого туура багыт бере турган долбоорлордун бири болот.

КЕЛЕЧЕКТЕ КИМ БОЛГУҢ КЕЛЕТ?
Анастасия, 16 жашта:
– Учурда тигүүчүлүк курсуна катышып жатам. Кийин, буюрса, модельер болом деген кыялым бар. Ата-энелерге арак ичпеңиздер, балдарыңыздарды таштабаңыздар деп айткым келет.

Азиз, 16 жашта:
– Азыр ашпозчунун курсуна катышып жатам. Француздардын ашканасына аябай кызыгып калдым. Келечекте ашпозчу болсом деген оюм бар.

Анна, 16 жашта:
– Атам бар, апам каза болуп калган. Сиңдилерим бүгүнкү күндө Беловодское айылындагы Балдар үйүндө, мен бул жактамын. Чоңойгондо ветеринар болгум келет. Эң негизгиси, иштеп, сиңдилеримди өзүмө алсам дейм.

Кубаныч, 15 жашта:
– Бул жакта 2-класстан бери окуп келем. Окууларым жакшы. Бул жакты аяктагандан кийин Суворов атындагы Аскер окуу жайына тапшырайын деген ниетим бар.


«Супердин» сурак бурчу

Бага албаса, балалуу болбой эле койбойбу?..



Ташбү Каразакова, пенсионер:

– Тагдыр деген ар бир пенденики өзүнчө да. Кай бири ата-энеси каза болуп калып кароосуз калса, Балдар үйүндө тарбияланбаганда кайда барат? Кээ бир ата-энелер ичкиликке берилип кетип, балдарынын эмес, өзүнүн эмне ичип-жегенин билбей калышат. А учурунда бактылуу үй-бүлө болобуз дешкендир...


Эркебек Орумтаев, инженер-механик:
– "Сактанганды Кудай сактайт" демекчи, сактанбагандардын кесепетинен мына ушундай кейиштүү көрүнүш болуп жатат. Менимче, мектеп жашынан ушул көйгөйгө тиешелүү сабактарды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болмок.



Жаңыл Жапаркулова, пенсионер:
– Илгери кыздар менен балдардын мамилеси башкача эле. Азыр кучакташып, жытташып эле көз көрүнөө жүрүшөт. Эркектер өз максатына жетүү үчүн алдашат, ал эми кыздар терең ойлонбой алданышат.Жеңил ойлуулуктан ошентип бала жаралып, Балдар үйүндө калып жатпайбы.


Баатырбек Арипов, студент:
– Ар бир адам балалуу, бактылуу болгусу келет. Ал эми күтүүсүз баланы көпчүлүк убактылуу кыйынчылыктын айынан таштап салышат. Алардын көпчүлүгү "өзүмдүн жанымды араң багып жатсам, муну кантем?" деген суроонун үстүндө гана ойлонушат. Баланын кийинкиси кызыктырбайт.



Насипа Тажибаева, мугалим:
– Батыштын тасмалары ушул көрүнүшкө түздөн-түз күнөөлүү. Биз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойгон болсок, азыркылар болгон нерсенин баарын кинодон көрүп чоңоюп жатышпайбы. "Аа, боло берет экен" деген ойго жетеленишет. Ошентип, дагы бир тагдырдын убалына калып жатканын билишпейт.


Алтынбек Жумабаев, инженер:
– Башында баланы бага алабы же бага албайбы, ушул тууралуу эч ким ойлонбойт. Кыска ойлордон, күнүмдүк жыргалчылыктан, айрымдар ичип кеткендиктен балдар кароосуз калышат. Төрөлгөн баланы багууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан аны таштоого аргасыз.


Нургүл Мамытова, үй кожойкеси:
– Азыркы жаштар үй-бүлөнү пландабай калбадыбы, ошонун кесепетинен Балдар үйүндөгү балдардын саны күн санап өсүүдө. Негизинен, айтарым, ар бир адамдын өзүнөн. Себеби эркеги да, аялы да жакшылап ойлонсо, баланын убалына калбайт.


Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Балдар үйүнөн чыккандар кайда барат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Asus84
2012-03-26 10:19:38
мм дааа тагдыр тагдыр жалдыратты дегилечиии
0
orbitka
2012-03-26 13:58:59
Таш боор тагдыр....
0
kalibek
2012-03-26 22:15:15
азыркы жашоодо свети азыра очургуло да.бул жалган жашоо эчтекени чечпйт.ар бир жан туулганда ырыскысын кошо берет.
0
Jamalym
2012-03-27 03:29:55
Кудай ар бирибизге туз жолду тандаганга жардам берсин.
0
prostuwka
2012-03-27 09:43:13
балдар уйунон багып алыш учун эмне кылыш керек? угушумча коп акча толош керек дешет, билгендер болсо жооп кутом
0
applemac
2012-03-28 00:54:12
эркектер жоопкерчиликтуу болсо болбойт болчу мындай иштер
0
kanat_razbekov
2012-03-28 03:42:24
таш боор тагдыр эмес- таш боор жаныгы эки жаш
0
maisal1919
2012-03-28 20:10:46
applemac
эркектер дейсин ушунун баарына аял кунолу кыздар козун кыспаса баладар кантип ременин чечсин
0
venchiko88
2012-03-29 10:41:43
ошо ременди чечип жатканда деле ойлонуш керек
0
meri.s
2012-03-31 14:58:50
ата энелер аман эсен болгулачы
0
ussofa
2012-04-13 15:50:07
эх жашоо эмне иш кылсан да ымыркайда эмне куноо...
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан