Боз ала чаң болуп топуракка аралашып ойноп, эч нерседен капарсыз жүргөн күндөр кандай сонун. Убагында баалап-барктай албасак да, ойдон курулган кеме менен балалыкка сапар алууну баарыбыз жакшы көрөбүз.Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев өзүнүн бала чагын эскерип, көп кызыктын башын ачты.
«ЭРКЕ ӨСТҮМ»
– Мен өзүм жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ата-энем колхоздун малын багышчу. Ошол себептен эрте жаздан тарта кеч күзгө чейин жайлоодо болчубуз. Менин балалык күндөрүм ошол жайлоонун салкын төрүндө өттү десем болот. Ата-энемдин көкүрөк күчүгү болгондуктан, аябай эрке өстүм. Төрөлгөндөн эле ыйлаак болчу экенмин. «Бир ыйласаң бир саатсыз эч эле басылчу эмессиң» дешет. Эжелерим кезектешип көтөрүп жүрүп, акырында тажагандан «көтөрсөк деле ыйлайт турбайбы, андан көрө жатып алып ыйлай берсин» деп жүктүн үстүнө ыргытып жиберишчү экен. Апам байкуш күйпөлөктөп айласы кеткенинен көк нар (апийим) деген дары бар, ошону каймакка аралаштырып туруп упчуну малып соргузуп койсо, бир аздан кийин мас болуп мемиреп уктап калчу экенмин. «Аны кылбасам ыйлай берип алсырап, таптакыр эле калтырап болбой калчусуң» деп азыр күлүп калат апам. Менин ыйлаактыгымдан апам ошол кезде өтө катуу арыктап да кетиптир.
«КУРСАНТ ЭЛЕМ, 4 АЙДАН БЕРИ ТЫНАРМЫН»
– Ыйлаактыгым жаңы төрөлгөндө эле байкалгандыктан, биринчиден, ыйлаактыгы тынсын деп, экинчиден, жети балабыздын амандыгын берсин, балдардын акыркысы болуп тынсын деп атымды Тынар коюшуптур. Анан атам метрика алганы барып, апам айткан атты унутуп калат. «Эмне деди эле?» деп көпкө ойлонсо керек, метрикага жазып жаткан киши «кызбы же уулбу?» деп сураптыр, атам уул десе, «анда уулдуу болуп курсант болуп турган экенсиң» деп Курсантбек деп жазып коюптур. Ошол бойдон расмий атым Курсантбек болуп калып, мына, 4 эле ай болду, атымды Тынар деп өзгөртүп, жаңы паспорт алдым.
«МЫШЫКТЫ ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕМ»
– Биз бала кезде «Мышыктын үйү» деген мультфильмди көп көрөр элек. Анда бир мышыктын туулган күнү болуп, конокко келген мышыктардын биринин куйругу күйүп үйдү өрттөп алышат. Ошону көрө берип абдан таасирленсем керек, бир күнү отурсам эле кошунабыздын мышыгы келип калыптыр. Оюма туура келди да, аны нан менен алдап кармадым да, флягадагы соляркага малып туруп ширеңке чагып жибердим. Өрттөнүп ары чуркайт, бери чуркайт, акыры байкуш мышык өлүп калды. Бул акылга сыйбаган тентектиктеримдин чети гана. Мындай иштердин далайын эле кылдым го...
«4-КЛАССКА ЧЕЙИН ЭМЧЕК ЭМДИМ»
– Мен апамдын эркеси болуп 4 жашка чейин упчу соруп, 4-класска чейин эмчек эмдим. Ал тургай 8-класс болуп калганда деле апа деп жанына жатып эркелеп, кээде эмип да койчумун. 10-класска чейин коюнунда жаттым. Кыз жандап чоңоюп эле калган кез да. Күндүзү кыздарга тийишип, алар менен сүйлөшүп жигит болуп жүрөм да, кечинде алдей болуп апамдын коюнуна жатып алып уктайм. Мунумду көргөн сайын Орун деген таенем уруша берер эле. Акыры апам экөөбүз эки башка жатып калдык. Анан да көкүрөгүнө колумду салып жатып уктамайын болчу эмес. Азыр менин кызымда ушул адат бар. Көкүрөгүмө колун коюп алып уктайт.
«ОЮНГА ТАМАГЫМДЫ ҮЙДӨН АЛДЫРТЫП ИЧЧҮМҮН»
– 11-класска чейин куурай башын сындырып иш кылган жокмун. Кичирээк кезде жайы менен жумушка кеткенсип эртең менен туруп эле айылдын сыртындагы Кара-Көл деген көлмөгө кетем. Жээгинде бир куму жок, сары топурак. Анан телевизордон көрсөм керек да, суудан чыгып кумда күнгө кактанып жаткандарды, ошентип жата калам. Күнгө күйө берип далыларым катып, ийиндерим чарт жарылып канап кетчү.
Эртең менен үйдөн чыгып баратканда апама «апа, түштө байкемден нанга каймак сүйкөп берип жибериңиз» деп коём. Түштө тамагым келет. Байкем өзү да сууга түшкөнү келчү да. Ошентип түшкү тамагымды ойноп жүргөн жериме алдыртып иччүмүн. Анан кеч кирип, караңгы түшөр маалда гана үйгө жөнөйм.
Окуу маалында болсо, өзүм курактуулардын атаманы болуп алгам. Балдарды көп сабагандыктын айынан айыл аралап баса албай калгам, мен урган балдардын апалары чыгып урушат да. Көчөлөрдөн качып, айылдын сырты менен алма бакты аралап сабакка барып-келчүмүн. Келатып жөн келбей сумкама толтуруп алма уурдап келем. Бир жолу келатып алманы аябай көп салып алыптырмын, арыктан аттаганда сумкамдын боосу үзүлүп кетип, китеп-дептерлеримди суудан араң тосуп алгам. Ошол сумкам азыр да айылда турат.
«ТАШ МЕНЕН БАШКА УРУП, БАЙКЕМДИ СУЛК ЖЫККАМ»
– Бир туугандарымды да кууратып эле жүрчүмүн. Үйдө жөн жүрөмбү, бир жолу атам менен апам шаарга кетип, үйдө эжем экөөбүз калдык. Оюн десе жата калган жаным, ордо ойногону барайын десем эжем жибербейт. Алдап жатып бир бөлмөгө камап койду. Ызаланып кыйкырып жатам, ары жакты карасам кичинекей отургуч турган экен, эшигибиздин ортосу айнек болчу, бир чаап сындырган бойдон кетип калгам.
Дагы бир ирет жолдо ойноп жатканбыз. Ортого бир конфеттин кагазын коюп, үстүнө жалпак таштарды тизип, атайын бир чийинде туруп алып аны атабыз. Ар кимибиздин ата турчу таштарыбыз бар эле. Бир маалда агам менин ташымды алып койду. Ортого туруп алып баягы таштарды тизип жаткан экен, жерден бир ташты алдым да, башка чаап калдым. Агам сулк эле жыгылды. Ошондо ачууланган эжелерим мени аябай сабаганы эсимде.
«ЖЕҢЕЛЕРИМДИ ЫЙЛАТЧУМУН»
– 4-класска чейин таптакыр кийим кийчү эмесмин. Сабактан келерим менен бардык болгон кийимимди чечип салып, жыпжылаңач айыл аралай ойноп жүрө берер элем. Бут кийим менен ишим жок болчу. Жеңелерим жаңы эле үйдүн полун жууп бүтүшсө, изимди калтырган бойдон үйгө чуркап кирчүмүн. Ыйлактап эле калышат. 5-класста гана мени урушуп, алдап жатып үйдө чолок шым кийгенге көндүрүштү. Жеңелерим мен кичине кезимде эле келгендиктен, апамдай эле болуп калышкан.
Ушундай тентек, шок бала болдум. Балалыгым абдан жакшы өттү. Бирок бир жаман жери, 11-классымда атамдан айрылып калдым. Турмушта токтолгонум ошондон болду.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg