Каткыра күлгөн, ачык-айрым Мерген байкебиз иштери менен бир буту Алматыда, бир буту Бишкекте болуп жүрүп шпагатка отуруп калганын айтат. Ошондой эле ырчы «азыр баары эле киного тартылышууда. Мени эч ким киного чакырбай жатат, ушу өзүм тартат окшоймун» деп таарынып, режиссёрлордун короосуна таш ыргытты. Күзүндө жеке концертин бере турганын, Дыңкы жеңенин образынын үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Азыр ырчы мурунку имиджине кайтып келип, «ушундай тармал чачтуу эле «красавица» экенсиң» деген комплименттерди угуп жатыптыр. Эми бул имиджин такыр өзгөртпөй турганын айтты.