Ырчы Айнура Салахидинова жакында эле Ош шаарынан келгенин айтат. Ал жакта Эрнест Бөрүбаев тартып жаткан «Атымды башка коём» деп аталган комедия жанрындагы фильмде роль жаратыптыр. Ырчы тасмада Атаңдын чокусу аттуу каармандын апасынын жаш курагын аткарат экен.
Мындан сырткары ырчы кыз үч ыр жаздырып, анын бирөөсүнө клип тартуу үчүн өрүктүн гүлдөшүн чыдамсыздык менен күтүп жатат. Өрүктүн гүлдөшүн Айнура эле эмес, баары күтүп жаткан мезгил болду го, чиркин!