Ильяз Абдыразаков апрель айынын орто ченинде элчиликтин сунушу менен Түштүк Кореяга аттанганы турат. Ал жактагы кыргыздарга концерт коюп келүү максатында. Дагы бир жагымдуу жаңылык, жакында Астанада Кайрат Нуртастын жеке концертине катышып келди. Ал гана эмес, казактардын «Хабар» телеканалында Ильяз Абдыразаковдун ырлары талкууга алынып, Ильяз боордошторду кызыктырган суроолорго жооп берип кайтты. Талкуу «Ильяздын ырларын казак ырчылары уурдап жатышабы же автордун уруксаты менен аткарышуудабы?» деген суроонун тегерегинде болгон.
Баса, ырчы тартылып жаткан «Азап» тасмасынан эми Кайрат Нуртасты да көрүп калат экенбиз, анткени тасмада бул казак ырчысы роль аткарганга жетишиптир.