Кыргыз эстрадасынын алпы Айчүрөк Иманалиева окуучусу Айконун алгачкы тушоо кесүү концертине катуу даярдык көрүп жатыптыр. Андан соң Айко менен бирге Ош, Нарын, Талас аймактарындагы күйөрмандарына концерт тартуулайт.
Айчүрөк апчебиз окуучуларды тарбиялап, элге таанытууда талашсыз лидер экенин билебиз. Эми Айко да экс-эжеси Анжеликанын жолун басып жүзүн бурбай, устатынын эмгегин бааласа экен.