Жакында эле Хайнань аралына барып эс алып келген «Супер сулуу-2011» сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева ак жоолук салынып, келиндик кызматка киришти. Жолдошу Салават менен көңүлдөрү төп келип, кыз-жигит болуп жүргөнүнө жарым жыл болгондо баш кошуп, бизди кубантып отурушат. Эми гана түтүн булатып баштаган эки жаш тоюн августтун аягына белгилешиптир. Эмне демекпиз, Айсулуу, конгон тууруң туруктуу болсун!
Бул окуядан соң «Супер-Инфонун» сулуулар сынагы кыргыздын кымча белдеринин багын ачат көрүнөт деп ойлонуп калдык. Анткени «Супер сулуу-2010» сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы да Таиландга барып эс алып келген соң турмуш жолуна аттанган эле.