БЕК БОРБИЕВ «ПИРАТТАР» МЕНЕН СОГУШАТ

Ырчы Бек Борбиев Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду. Берадор мырза эми пираттык жол менен байыгандарга каршы согуш жарыялап, алардын түшүнө кирет көрүнөт. Пираттык диск саткандар менен буга чейин да шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү күрөшүп келишкен. Жакында гана студия ачып, кино тартып, чыгармачылык жаатында бизнеске киришкен эле, эми ал иши эмне болот? Ушул суроо менен ырчыга кайрылсак, «ишенимдүү командам бар, ал иштер токтоп калбайт» деп билдирди. Берадор мырзанын ишине ийгилик!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Azura
2012-03-27 12:37:38
Жакшы ырчы, жакшы адам! Иштеринизге ийгилик!
0
Aelina
2012-03-28 22:38:20
oi pirattik diskterdi jogorush kiyin bolot ko, korobuz go jogolobu je jokpu.
0
Paiaz
2012-03-29 10:20:44
Бек байке сиз аябай жакшы ырдайсыз сиздин ырлар аябай жагат мен сиздин топтолгон ырлар жыйнагынызды тапбай журом ошого катип тапсам болот?
0
Sabiku
2012-03-31 23:25:39
Мен кыргызпатентте иштедим эле бир кезде кызматчы катары, эми бул мекемени артисттер жетектей баштаса, жыргабай калдык го. Ырын ырдап эле журо бербейби. Ал бир кафе эмес да. Это же серьезное, международное ведомство.
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан