Жакында эле Нью-Йорктогу ресторандардын биринде актёр Роберт Де Ниро тамашалайм деп АКШнын биринчи айымы Мишель Обаманын балээсине калгандыгы тууралуу маалымат тарады. Ал жанындагыларга “кандай ойлойсуздар, АКШ ак жуумал биринчи айымга даярбы?” деген кеп айткан экен. Эртеси эле Мишель Обаманын расмий өкүлдөрү актёрдун айткандарын обу жок деп баалап, расмий маалымат таратышкан. Роберт Де Ниро анын сөздөрү тамаша экенин жана эч кимди, биринчи орунда президенттин жубайына акарат кылуу оюнда жок экенин айтуудан башка арга таппай калганын айтышууда.