“Virgin Galactic”компаниясынын жетекчисинин маалыматына ылайык, Катчер 500-космостук турист болуптур. Буга чейин 200 миң долларга бааланган космоско билетти Рассел Брэнд жана Кэти Пери алышкан экен. “Эштон өз жашоосун өзгөртүү жолунда бараткан жана атын тарыхка калтырууга аракет кылган алдыңкы адамдардын катарына кирүү жолунда” деп бул тууралуу компаниянын жетекчиси маалымат берген. Бирок актёрдун космоско учуусу тууралуу так маалымат бериле элек. Космоско алгачкы туристтик учуу 2008-жылы эле ишке ашуусу керек эле. Негедир азыркыга чейин компания бул иш-чараны улам артка жылдырып келет.