“Титаник”, “Аватар” тасмаларынын режиссёру жана деңиз тереңдигин изилдеп келген Жеймс Кэмерон океандын эң терең чекити болгон Мариан ойдуңуна жалгыз саякаттаганы жатыптыр. Режиссёр түшмөкчү болгон ойдуңдун түпкүрүнө 1960-жылы Жак Пиккар жана Дон Уолш аттуу эки изилдөөчү гана түшүшкөн. 52 жылдан ашуун убакыттан кийин технологиянын укмуш өнүгүшү менен океандын 10 912 метр тереңдигине барууга шарт түзүлүүдө.