Вампирге айланган Белла бара-бара жаңы жашоосуна көнүп баштайт. Ага адаттагыдай эле Эдвард жана Каллендердин үй-бүлөсү жардам көрсөтүшөт. Бул арада Белланын кызы Ренесми да чоңоюп калган. Жейкоб Ренесмиге тарбиячы жана дос болуп коргоп жүрөт. Кийинчерээк кыз тууралуу маалымат Вольтурилге жетип, вампирлер коомунда бала күтүүгө тыюу салынгандыктан, алар Каллендерди жок кылуу үчүн армия чогултуп, Форкско бет алышат. Легендарлуу бул тасманын дүйнөлүк премьерасы 14-ноябрга белгиленүүдө.