Мен жашоону такыр башкача элестетиптирмин, минтип өкүнүп каларымды билсем кана?.. Мектепти аяктап, кийин университеттин студенти болдум. Анан баары башталды...
«КЕК»
– Сулуу болчумун. Андыктан өзүм менен чогуу окугандар эле эмес, чоң агайлардан бери көз артышчу. Кээ бир агайлар үчүн жылмайганым эле «4» деген баага татычу. Кайда барбайын, эмне каалабайын көздөгөн максатыма жетчүмүн. Анан жашоомду да жомок элестетер элем. Себеби андай жомокту мага убада кылган жигиттер да, байкелер да көп эле. Эркектерди жакшы эле колдондум, көзүм эч нерсеге тойчу эмес. Аларга менин сулуулугум, мага алардын акчасы керек болчу. Балким, ата-эненин тарбиясын көрсөм, башка адам болуп чоңоймок белем?.. Мырзалардын мени жутуп ийчүдөй көздөрү, мага жетиш үчүн кылган иш-аракеттеринен тажап бүткөм. Кээде эркектерге кыжырым кайначу. Балким, буга бала кезимдеги болуп өткөн окуя себепкердир. Мен анда кичине элем. Атам менен апам экөө катуу урушуп, бир маалда атам апамды уруп жибергенде ал жерге кулаган бойдон турбай калды. Жердин баары кан... Атам ушинтип мени апамдан, өзүн эркиндиктен ажыраткан эле. Атамдан улам бардык эркектерден өч алгым келчү.
«БАЙЛЫК ДЕП АКСАДЫМ»
– Окуумду аяктап, ресторандардын биринде администратор болуп иштеп калдым. Чөнтөгү калың мырзалардын көбү мени көрүү үчүн келишкенин жашырышчу эмес. Күндөрдүн биринде бизге чет өлкөдөн кардар келип калды. Улуту кыргыз экен, үй-бүлөлүү, көп жыл бою чет өлкөдө жашаган, билимдүү киши. Билбейм, негедир бул адамга менин кызыгуум күчөдү. Бир күнү мени өзүнчө бөлмөгө чакыртып ийиптир, барсам:
– Кел отур, сүйлөшө турчу сөз бар...
– Угуп жатам.
– Сен мага жактың, мага турмушка чык десем эмне деп жооп бересиң?
– Сиз тамашалап жатасызбы?..
– Жок, мен сага тамашалашчу кишиге окшошуп турамбы?
Мындай каардуу адамдан бир жагынан коркуп турдум. Унчукпай, башымды жерге салып отурдум. Бөлмөдөгү тынчтыкты анын каргылданган үнү бузду.
– Дагы көпкө күтөмбү, мен 2 күндөн кийин Америкага кайтам.
– Мен макулмун!
Чечкиндүү айттым, негедир. Мени менен коштошуп, эртең менен кездешерибизди айтып, имараттан чыгып көздөн кайым болду. Эртеси таң эрте телефонум шыңгырап, Жекшен байкенин үнү угулду. Чыксам, шаардын чекесиндеги заңгыраган үйгө алып барды. Ал жакта молдо, дагы 4-5 адам күтүп туруптур. Никебиз кыйылып, достору куттуктап эшикке чыгып кетишти. Ошентип, мен лакап аты Жек аттуу, 5 күн гана тааныган адамга турмушка чыктым. Эртеси күнү ал чет өлкөгө кетти, мен баягы заңгыраган үйдө жалгыз калдым. Үй кызматкери бар, эшикте күнү-түнү кайтарган күзөтчүлөр. Чет элдик тасмалардагы жашоо, балким, мен кыялданган жомок ушул деп жүрдүм. Ошентип токол болдум. Күйөөм бир ай мени менен жашайт, бир ай өзүнүн үй-бүлөсү менен. Азыр баары бар, бир гана бакыт жок. Уулдуу болгонубуздан бери күйөөмдүн кызганычы күч алды, мурда экөө кайтарса, азыр алтоо. Жек мени сүйөт, бирок тигил үй-бүлөсүн да эч качан таштабайт. А мен жөн гана адамдай бактылуу болууну эңсейм. Ооба, менде баары бар, мен ушундай жашоо жөнүндө кыялдангам, Кудайдан да ушуну сурагам. Бирок аялдык бакыт сурабаганым үчүн өкүнөм.
Саида
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg