«СУПЕР-ИНФОНУН» БАЙГЕЛЕРИ ӨЗ ЭЭЛЕРИН ТАБУУДА

Апта сайын “Супер-Инфо” гезитинин 10 жылдык мааракесинин урматына коюлган байгелер өз ээлерин табууда. Кеңсебизге келип өз байгелерин кубануу менен алып кетип жаткан окурмандарыбыздын кубанычына ортоктош болуп, алар менен маектешүү бизге да жагымдуу.

Түп району боюнча жеңүүчү Батма Шамырканова: “ЧОГУЛТКАН ГЕЗИТИБИЗ БИР ШКАФКА БАТПАЙ КАЛДЫ”

– Батма эже, байгеңиз кут болсун! Буга чейин утушка ээ болдуңуз беле?
– Бул менин биринчи утушум. Кир жуучу машиналуу болуп аябай кубанып, толкунданып турган чагым. Негизи, кир жуучу машина ар бир үйгө керек. Белектин өзүн көрө элекмин. Бишкектен уулум менен кызым “апа, белегиңизди алдык. Жакында үйгө барабыз. Ошондо өз колуңузга тапшырабыз” деп телефон чалып айтышты. Белегимди өзүм барып алып кетсем деле болмок. Жол алыс, ошондой эле дарыгер болуп иштегендиктен, бейтаптарды таштап бара алган жокмун.

– Байге утканыңызды кимден уктуңуз?
– Гезиттен өзүм окудум. Жумушка келе жатканда сөзсүз “Супер-Инфону” сатып ала кирем. Гезитти 2006-жылдын март айынан бери окуп келе жатам. Рубрикалардын бирин да калтырбай окуганга аракеттенем. Утканымды окуп алып сүйүнүп отурсам, Бишкектеги кызым менен уулум телефон чалып куттукташты. Алар да “Супер-Инфонун” активдүү окурмандары. Мен бул жакта чогултам, алар Бишкекте чогултушат. Бир шкафка батпай калды. Кызым “айылдан туугандар келсе, чогулткан гезиттеримди көрүп “муну чогултуп эмне кыласыңар? Бизге бергиле, иштетип салалы” деп сурай беришчү. Жакшы эле бербептирмин, минтип кир жуучу машиналуу болуп отурабыз” деп сүйүнүп жатат.

– Суроолорго жоопту кызыңыз экөөңүздөр чогуу тапкансыздар го дейм...
– Ооба, ал да жардам берди. Анан мен бул жактан купонду толтуруп жөнөттүм.

– Уткан белегиңиз керегиңизге жарап, көпкө кызмат кылсын. Өзүңүз гезит менен ар дайым байланышта болуңуз.
– Сиздерге да чоң рахмат! Мындай байгелүү оюндардын далайын ойнотуп, нускаңыздар өсүп, окурмандарды кызыктуу макалалар менен сүйүнүчкө бөлөй бериңиздер.

Жайыл району боюнча жеңүүчү Жылдызкан Курманова: “КААЛООБУЗДУ “СУПЕР-ИНФО” ГЕЗИТИ ОРУНДАТЫП ОТУРАТ”

– Жылдызкан эже, байгелүү болом деп ойлодуңуз беле?
– Жок, оюма да келген эмес. Катты жөнөтүп жатканда “мунум гезиттин дарегине жетпесе деле керек. Жетсе да байгемди беришпесе керек” деген ойдо болгон элем. Анан жума күнү базарда иштеген тааныштарым “утушка ээ болуптурсуң” деп куттуктап телефон чалып калышты. Мен гезитти толук окуп чыга элек элем. Үйдө турган гезитти ачып карасам, чын эле фамилиям жүрөт. Анан көрсөтүлгөн телефонго чалып сиз менен байланышып, минтип келип отурам.

– Негизи, микротолкундуу мешиңиз бар беле?
– Жок болчу. Гезитке ар кандай тамак-аштын рецепттерин жарыялайсыңар го. Аларды окуган кыздарым “апа, насыяга майда тиричилик буюмдарын берип жатыптыр. Алып, буларды жасабайлыбы...” деп көп айтышар эле. Минтип насыясыз эле сүйүктүү гезитибиз биздин көптөн берки каалообузду орундатып отурат. Үй-бүлөбүз менен сүйүнүп жатабыз. Бул жакка келерде да жолдошум баш болуп “биз сени менен барып келели” деп ээрчишкенинен “алгач мен барып билейинчи, балким, калп болуп жүрбөсүн” деп өзүм эле келгем. Мына, белекти колума алып, чындык экенине ишенип турам. Башка райондордогу окурмандарга да ийгилик каалап, активдүү катышкыла деп үндөп кетер элем.

– Окурман катары айтсаңыз, “Супер-Инфо” гезити башка басылмалардан эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, мындан башка гезит деле окубайм. Гезит ар тармактуу болгондуктан, үй-бүлөм менен ушул гезитти тандагам.

– Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат! Сүйүктүү гезитиңизден алыстабаңыз.

Алай району боюнча жеңүүчү Акматалы уулу Бекболсун: “БУЛ БАЙГЕМДИ ДАРОО АПАМА БЕЛЕК КЫЛДЫМ”

– Бекболсун, кандайсың? Белегиңди редакциядан байкең алып кетти эле, колуңа тийдиби?
– Жок, учурда Ош-Бишкек жолу жабык болгондуктан, азырынча сала элек.

– Белегиңди эмне кыласың? Кийин үйлөнгөндө келинчегиме белек кылам деп катып койбойсуңбу?
– Ха-ха... Жок, бул менин апама арнаган чоң белегим болот. Апам "агаларыңа айтып бир кир жуучу машина саттырып алсам жакшы болот эле" деп жүрчү. Үйдө неберелери көп.Баарыбыздын кир-когубузду колго жууп кыйналчу. Апам үчүн эң сонун белек болду.

– Өзүң 6-класстын окуучусу болсоң, суроолорго жооп табыш сага кыйынга турган жокпу?
– Жок. Анткени атамдын “Супер сканворддор” гезитинен бери чогулткан чоң топтому бар. Ошолорду барактап отуруп суроолорго жооп таптым.

– Мектеп окуучусун кандай тармактагы макалалар кызыктырат болду экен?
– Мени көбүнчө сканворддор бети, анан техника дүйнөсү кызыктырат.

– Маегиңе рахмат, биз менен бирге бол.

Ак-Суу району боюнча жеңүүчү Кубан Кудабаев: «БЕЛЕКТИ ЭСТЕЛИК КАТАРЫ БАЛДАРЫМА САКТАП КОЁМ»

– Кубан байке, куш келипсиз!
– Жолдун узактыгына карабай атайын ат арытып Ак-Суу районунан келип калдым. Биринчи жолу байгеге ээ болушум. Ошондуктан өз колум менен алып кетүүнү туура көрдүм.

– Купондогу суроолорго жооп табуу кыйынга турган жокпу?
– Акыркы суроонун жообун билбейт экенмин. Келинчегим жардам берди. Ал бул гезитти тээ башкы сандарынан бери бир да санын калтырбай окуйт. Биздин аймактагы эң өтүмдүү гезит. Жума күнү таң атпай барып калат. Ошол күнү жалаң эле “Супер-Инфону” көтөрүп бараткан адамдарды көрөсүң. Ар тармактуу, кызыктуу гезит. Мага “Пайдалуу кеңеш” рубрикасы аябай жагып жүрөт. Үй, мончо куруу, бак-дарактарды бутоо боюнча чыккан макалаларды кереги тиет деп өзүнчө бөлүп сактап койгом. Мындан ары да сиздерден кызыктуу макалаларды күтөбүз.

– Жеңебиздин электр меши бар беле?
– Ооба, сатып бергем. Элибизде “ашык дөөлөт баш жарбайт” деп коюшат го. Үч уулум бар, биринин артынан бири чоңоюп келе жатышат. “Супер-Инфодон” эстелик катары аларга сактап коёлу деп жатабыз.

– Керегиңиздерге жараган буюм болсун!

Нарын району боюнча жеңүүчү Жазгүл Өмүрбекова: “БАЗАРДАГЫ ЭЛДИН БААРЫН ЧОЧУТУПТУРМУН”

– Жазгүл, байгелүү болушуң менен куттуктайбыз!
– Алыскы аймактардагы окурмандарды да эске алып, байгелүү оюн уюштуруп жатканыңыздар үчүн чоң рахмат! "Супер-Инфо" биздин районго жума күнү түштө келет. Эртерээк барып албасак, калбай калат. Кээде гезит алганга акча таппай, апамдан же кайнежемден “20 сом бере тургулачы, гезит алайын” деп сураган учурларым болот. Андайда апам "жолуңа акча жок туруп гезит алганың эмне?" деп эле наалып калчу. Утканымды угуп ал да сүйүнүп жатат.

– Байгеге илингениңди билгенде кандай абалда болдуң?
– Жолдошум экөөбүз базарга барган элек. Гезитти аларым менен 10 жылдык мааракеге арналган бетти ачып, сүйүнгөнүмдөн “мен утуптурмун!” деп кыйкырып жибериптирмин, элдин баарын чочутуп. Анан дароо Бишкектеги күйөө балама чалып, андан белегимди алып коюусун өтүнгөм.
Учурда эки балам менен үйдөмүн, зеригем. Гезитти досум, эрмегим десем болот. Жаңы саны чыкканча мурунку гезиттеги макалаларды кайталап окуй берип, жаттап да алам. Мындан ары да калемиңиздер курчуй берсин!

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
777bazamat
2012-04-02 15:16:02
тушунгон жокмун эмне оюн болду эле????
0
Cyldyzka
2012-04-02 16:49:04
forumçularga oyun uyuşturup koysonuzdar
0
men_aman
2012-04-09 08:31:29
Биз да уталычы супер инфо!
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан