Бул оор кылмыш иши жакында эле Ысык-Көл облусунда, Каракол шаарында катталды. Эки эркек бир аялды өлтүрүп, денесин жиликтеп, из жашырыш үчүн люкка таштап салышыптыр.
ЖИЛИКТЕЛГЕН ДЕНЕ
Окуя төмөндөгүдөй болуп өткөн. 19-мартта саат ондор чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө капка салынган дене табылгандыгы тууралуу маалымат түшөт. Айтылган жерге барган милиция кызматкерлери спирт заводунун батыш тарабындагы Шоруков көчөсүндөгү люкта кескиленип, бөлүктөргө бөлүнүп, мүшөккө салынган аялдын денесин көрүшөт. Шумдугуң кургур, аялдын башы жок болуп чыгат. Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында Кыдыр Аке көчөсүндө жайгашкан орустардын мүрзөсүнүн жанынан желим баштыкка салынган башты да табышат.
Аталган факт боюнча Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголот. Иликтөө иштеринин натыйжасында өлтүрүлгөн аялдын өздүгү аныкталып, ал 1975-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну, орус улутундагы Наталья Морозова болуп чыкты. Наталья буга чейин ар кандай жумуштарда: дүкөндө сатуучу, кафелерде ашкана кызматчысы болуп иштеген экен. Үй-бүлө да күткөн эмес. Из кубарлар иликтеп жүрүп, мал базардын жанында жашаган аялды табышат. Ал маркумдун денесинин бир кесимин (санын) таап алган экен. Мыкаачы ар бир мүчөсүн кескилеп, ар башка жакка таштап, кылмышын жашырууга далалат кылган көрүнөт. Ал аял Натальяны тааный тургандыгын, бир күн мурун Виталик деген жигит менен ээрчишип жүргөндүгүн айтат. Илинчек табылып, эми Виталик дегенди издегенге өтүшөт. Кылмышка шектүүнү кармашканда ал Каракол шаарынын тургуну, туруктуу жумушу жок Виталий Харитонов деген болуп чыгат (1975-жылы төрөлгөн).
Кармаганда эле Виталий кылмышын мойнуна алып, өзү жалгыз эмес, досу Василий Русин экөөлөп өлтүргөндөрүн айтып берет. Ошентип, кылмышка шектүү экинчи адам да кармалды. Ал Виталийден айырмаланып үй-бүлөлүү экен.
АКЧА ҮЧҮН ӨЛТҮРҮШКӨН
Мындай мыкаачылыкка барганга эмне түрткү болгон? Аялдын кайсы күнөөсү үчүн мынча жазалашкан? Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон:
Виталий, Василий жана Наталья болуп чогулуп, Василийдин үйүндө арак ичишет. "Жинди суу" ичилгенден кийин ортодо ар кандай сөздөр айтылып, Василий Натальяны “сен менин акчамды уурдап кеткенсиң” деп күнөөлөп баштайт. Ошентип уруш уланып отуруп, Василий Натальянын мойнуна бычак сайып жиберет. Анан аялдын башын кесип салышат. Өлүктү, кылмыш изин жашырууну ойлогон эргулдар денени бөлүктөргө бөлүп, ар кайсы жакка таштап салууну чечишет. Аялды балта, бычак менен жиликтеп, капка салып, кеч киргенде кол арабага жүктөп алып барып люкка таштап жиберишет.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектүү делинип Каракол шаарынын 37 жаштагы Виталий Харитонов менен Василий Русин аттуу тургундары кармалды. Русиндин үйүнөн кылмышка шектүү буюмдар: кан болгон бычак, балта, араба жана маркумдун кан болгон кийимдери табылды. Мындан сырткары үйдүн ичиндеги полдун тешиктеринен жана анын астынан кандын тактары табылды. Үстүн жууп коюшкан экен, бирок тешиктеринде кандын тактары калып калыптыр. Учурда кармалгандар Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg