Чүй
УРНАГА БЮЛЛЕТЕНЬ САЛА КОЁМ ДЕП... УРНАГА БЮЛЛЕТЕНЬ САЛА КОЁМ ДЕП...
Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда Ысык-Ата районунун Милянфан округунда урнага кошумча бюллетень таштоого аракет кылгандар катталды. Баш-аягы 18 добушту түзгөн бюллетендер шайлоонун жыйынтыгына таасир бере алган эмес. Окуя оңунан чыкпай калса да, мыйзамга каршы барып, кошумча добуш салууга далалат жасагандарды териштирүү үчүн ишти райондук прокуратурага өткөрүп беришти. Эми аларга карата тиешелүү чара көрүлөт.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg