Ысык-Көл
ЖЕТИ-ӨГҮЗДҮКТӨР КАТУУ КЫЖЫРЛАНЫШУУДА
Жети-Өгүз районунун 80 жылдыгына карата “Жети-Өгүз районуна 80 жыл” деген энциклопедиялык китеп жарык көргөн. Бул китепке кызыкдар болуп сатып алган окурмандардын көбү кыжырланышып, “китеп көптөгөн каталар менен чыкты. Бир эле мисал, Махмуд Кашгаринин жашап өткөн доору 21-кылым (туурасы 11-кылымдын аягы 12-кылымдын башында жашап өткөн) деп жазылган. Ошондой эле Боромбай бий (Бекмурат уулу), тескерисинче, Боромбай уулу Бекмурат болуп кеткен” деп катуу нааразы болушууда. Райондун жашоочулары акыркы учурда китеп чыгарууда кылдаттык менен көңүл бурулбай жатканын жана ушуга окшош каталары толтура китептер көп чыгып жатканына капа болушууда. Жарык көргөн китеп “Жети-Өгүз жаңырыгы” аттуу райондук гезиттин редактору Турдубек Ишебаев баш болгон бир топ маданий ишмерлердин билек түрүп биргелешкен эмгегинен жаралган.