– Кандайсың, Дайыр? Сени гастролдоп жүрөт деп уктук...
– Ооба, жакында эле жергебиздин түштүк аймагынан гастролдук сапардан келдим. Эми Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн кыдырып жүрөм. 31-мартта Токмок шаарында, 2-3-апрелде Каракол шаарында жеке концертимди бергени турам.
– Кандай өзгөчөлүктөрдү күтсө болот?
– Эч жерден жаңыра элек жаңы ырларым ырдалып, эстен кеткис эски ырлар да унутта калбайт. Андан тышкары куудулдук өнөрүмдү көрсөткөнү турам. Концертте боло турган оюндардын баарын өзүм уюштуруп, күйөрмандарыма дисктерим менен жаңы даярдалган плакаттарымды белекке таратам. Айта кетчү нерсе, чыгармачылыктагы досторум менен «Тамашоудогу» «Саяктар» командасы концертимдин коноктору болот.
– Сапар байсалдуу болуп жатабы?
– Ооба. Бирок өткөндө Жалал-Абаддагы концертимде свет 15 мүнөткө өчүп калып, күйөрмандардын телефондорунун жарыгында Табылды Актандын «Ойлодуң бекен?» деген ырын аткарып бердим. Концертим ошондой кызык менен башталды. Кийин сураштырсам, баарына концерттин ошол бөлүгү жагыптыр.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg