СҮЛҮКТҮЛҮКТӨР НООРУЗДУ КАТУУ ТОСТУ

21-мартта Сүлүктү шаарында Нооруз майрамына карата стол тенниси жана волейбол боюнча мелдеш өттү. Ага катышуу тилегин билдирген мекеме-уюмдар, ишканалар жана аймактардан келген командалар кызуу таймашышты. Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Үсөн Кушматов билдиргендей, волейбол боюнча мелдеште биринчи орунду Кош-Булак командасы ээледи. Жеңүүчү капчыгына 3 миң сом салса, 2-орунду Сүлүктү шаардык Гуманитардык институту ээлеп, 2 миң сомго ээ болду. Ушундай эле акчалай сыйлыктарга стол тенниси боюнча жеңүүчүлөр да арзышты. Биринчи орунду ээлеген С.Жолдошевге 2500 сом тапшырылса, 2-орунду ээлеген Н.Маликов 2000 сомго ээ болду. Ал эми үчүнчү орунга каралган 1500 сомду Э.Байназаров утуп алды.

БИР БҮРКҮМ...
Кочкор-Ата шаарында футбол сүйүүчүлөрү арасында кичи футбол боюнча "Fan Liga" деген аталышта футболдук лига башталып, анда 10 команда күч сынашууда.
19-25-мартта Нооруз майрамына карата өлкөбүздүн үч шаарында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Анын алкагында Жалал-Абадда өткөн биринчиликте кыз-келиндер жана эркектер арасында жалпы эсепте жергиликтүү “Жалал-Абад-I” командасы чемпион аталды.

sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан