Дүйнө чемпиондугу «Бишкек-2012»: УЙКУСУЗ ШААР, РОБОТ ЧЕМПИОН жана «ЛЯПТАР»

22-25-март күндөрү Бишкекте биринчи жолу бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Ноорузду бильярддык майрам улап, Кыргызстандын борбору 4 күнгө дүйнөлүк бильярддын борборуна айланды. 16 өлкөдөн келген 98 кий чебери “азуулашып”, орустар утуп чыкса, бизден Канат Сыдыков керекке жарап, 3-орунду алды. Мелдеш, албетте, "ляптарсыз" болбой койгон жок.

“ЖАЗДЫ ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИ МЕНЕН ТОСОБУЗ”
Өлкөбүздө мындай мелдеш биринчи жолу өтүп жаткандыктан, эл мүмкүнчүлүктү качырбайлы дедиби, оюндар зал толо өтүп, бут коюуга орун жок болду. Оюндар “Тагай бий” салтанат өргөөсүндө жана “Кондор” бильярддык клубунда катарлаш өттү. Ачылыш аземине ажобуз Алмазбек Атамбаев өзү катышты. Кызыгы, ажо босогону аттап киргенде жарык менен кошо микрофон да өчүп, анын аты алдыдагыларга араң угулду. “Свет акелер” болсо күчтүү чыңалууну көтөрө албай трансформатор өчүп калганын айтышты. Ошентип, ажо баш болгон кадырлуу меймандар сөз сүйлөө убактысын 5-6 мүнөткө күтүүгө аргасыз болушту.
Сөз алган журт башчы алгач конокторго, анан өлкөгө ишеним артканы үчүн Эл аралык бильярд федерациясынын президенти Владимир Никифоровго ыраазычылык билдирди. Анан: “Акыркы беш-алты жылда жазды кооптонуу менен тосчубуз. Быйыл минтип бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу менен тостук. Мындай жөрөлгөлөр башка спорт түрлөрүнө да жуксун”,- деп кошумчалады. Мелдеш ачык деп жарыяланып, президентибиз Дүйнө биринчилигинин алгачкы шарын тоголотту.

АТААНДАШТЫК АТАКТУУЛАРДЫ АЛЫП ТҮШТҮ
Бильярд миң түркүн кылдаттык менен мыкты ой жүгүртүүнү талап кылгандыктан, оюнда күйөрмандардын жымжырттыгы керек. Бирок биздикилер бокс көрүп жаткандай катуу сүрөөнгө алып отурушту. Ооба, Никита Ливада, Юрий Пащинский (Орусия), Каныбек Сагындыков (Казакстан), Александр Бойко, Ярослав Тарновецкий, Александр Паламарь (Украина) сыяктуу Дүйнө чемпиондору ойноп жатса, демди ичке катуу мүмкүнбү? Атаандаштык өтө катуу болду. Тиш кайрашкан атаандаштыкта мелдештин башында Каныбек Сагынбаев "учуп кетсе" (атаандашы – 16 жаштагы 11-класстын окуучусу Никита Ливада), мелдештин 3-айлампасында бир гана кыргыз жигити Канат Сыдыков калды.
Ал эми чейрек финалда мелдештин башкы талапкерлери украиналык Паламарь орусиялык Ливадага жеңилсе, Александр Бойкону Александр Чепиков алып түштү. Ал эми жакында 200дөн ашуун бильярдчынын катышуусундагы Кремль кубогун утуп, бул мелдеште башкы талапкер болгон Ярослав Тарновецкий кыргызстандык Канат Сыдыковдон утулуп, өзүнө келе албай жүрдү. Анткени ысымы анча белгилүү болбогон Канат Кыргызстанда мыкты 8 бильярдчынын да катарына кире элек.

КАНЫБЕК ЫРГЫП, КАНАТ ИШКЕ ЖАРАДЫ
Ошентип, 3-күнү жарым финалга аяк бастык. Бильярдчылар эленип отуруп, 4 кыраан суурулуп чыкты. Жарым финалдын биринчи жуптугунда учурдагы Дүйнө чемпиону Ливада менен Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Пащинский кезикти. Беттеш кызуу жүрүп, финалдык жолдомону Пащинский 5:3 эсебинде утуп, илип кетти. Экинчи жуптукта сенсация болуп, мекендешибиз Канат Сыдыков менен Якутск шаарынан келген тажрыйбалуу Александр Чепиков кезикти. Канатка дубалдар жардам бергени менен, жеңиш ташы улам бир тарапка ооп отурду. Күйөрмандар төрт жарым саат карап отуруп, түн ооп калганда гана тарашты. Өкүнүчтүүсү, мекендештин жеңиши менен эмес, кошумча партияда 6:5 эсебинде утулуусу менен. Ошентсе да “Канат – красавчик!” дегендер көп болду. Канат болсо: “Негизи, мен бул мелдешке катуу даярдангам. Мелдеште украиналык Тарновецкийди утуу кыйынга турду”,- дейт.
Айта кетсек, мелдеш бизде өткөндүктөн, биздин намысты коргоого 16 кий чебери чыккан. Алардын 8ин федерация ылгап алып жолдомо карматса, калган 8и тандоо турунан өтүшкөн. Ошондо “федерация акыйкат тандабай, тааныштык роль ойноп кетти” деген нааразычылыктар болгон. Ооба, Канаттын ийгилиги кокустук эмес экенин эске алсак, андай кептер бекеринен чыкпаган окшойт...

ЖАҢЫ ЧЕМПИОН ТУШООСУН ГАНА КЕСТИБИ?
Финалдык беттеш 25-мартта Спорт Ордосунда өттү. Спорт Ордого эл ырчылардын концертине караганда аз келгенин финал кыргыздарсыз өтөрүнө жорудук. Ошентсе да мекендештерибиз бул күндүн каармандары Юрий Пащинский менен Александр Чепиковду катуу колдошту. Оюнга келсек, алгач Пащинский матап кирип, 4:2 эсебинде алдыга чыккан. Бирок өтө токтоо, эмоциясын жүзүнө чыгарбаган Саша демилгени колго алды. Ал шарларды оюкка үстөккө-босток кийирип жатып, 4 партияны катары менен алып койду. Ошондо гана жүзүнө жылмаюу уялап, роботко окшогон Чепиков чемпиондугуна ушинтип сүйүндү. Көпчүлүк “бала мындай жүрүш менен алыска кетет. Бул анын тушоосунун кесилүүсү гана” дешти.

ДАГЫ БИР УЯТКА БЕТ ЧЫДАДЫ
Чемпион аныкталган соң финалдык оюн ойнолгон столго бир катар кий чеберлери кол тамгаларын калтырышты. Кызыгы, алып баруучу чыгып, сыйлык тапшыруу аземин жарыялоонун ордуна кол тамгалар коюлган столду аукционго коюп, баасын жарыялап кирди. 5 миң долларга бирөө сатып алмакчы болду эле, уюштуруучулардын бири алып баруучуну чакырып, аукционду токтоттуруп койду. Адаттан да, сценарийден да тыш бул көрүнүшкө олжодон куру калгандай болгон киши катуу жинденди. Атырылып жөнөгөн аны тартип сакчылары сүйрөп чыгып кетишти.
Дүйнө биринчилигинин ачылышында жана финалында жарык өчкөнүн, ошондой эле "аукцион" жоругун кошкондо эки “ляп” катталды. Ошентсе да мындай кемчиликтер мыкты деңгээлде уюшулган мелдештин көмүскөсүндө кала берди деп айтсак болот. Өзгөчө Эл аралык бильярд федерациясынын президенти Владимир Павловичтин: “Мындай көп күйөрман катышкан мелдешти көрбөгөм. Силер күйөрмандардын саны боюнча рекорд койдуңар. Кайсы бильярд залына барба, кезек күтүүгө туура келет”,- дегени томсоруп турган бизди абдан жибитти. Эгерде кирүү акысы 500 сом эмес, бекер болгондо эл батпай, анык таң калмак экен дедик. Ал эми бул кептин артынан Каныбек Сагынбаев сөз алып, “кубокту өз үйүбүздө алып калат” деп ишенгендерге жооп кыла: “Өз үйүңдө ойноо кыйын. Андыктан чет жерде өткөн мелдештерде жеңем. Негизи, менин максатым бул мелдешти мыкты уюштуруу болчу, бир ок менен эки коён атуу мүмкүн эмес”,- деп кутулду.
Мелдештин байге фондуна келсек,
30 миң долларды түзүп, чемпион 8 миң долларга ээ болду. Ал эми 2-орунга 5000, 3-орунга 2500 доллардан тапшырылды. Андан тышкары 5-8-орунду ээлегендер 1000, 9-16-орунду ээлегендер 500 долларга ээ болушту.
Чепиков финал ойнолгон столго "Самой дружелюбной стране" деп жазып, кол тамгасын калтырды.
Дүйнө биринчилигинин алгачкы шарын ажо тоголотту.
Канат 3-орунга ээ болуп, өз жеңишине маашырланып турган чагы.

Ооба, жергебизде мындай майрамга күбө болуу үчүн күйөрмандар билетке 500 сомдорун аяшкан жок. Катардагы күйөрмандардай эле жан тарып отурган белгилүү инсандарыбыз да болду. Айрымдарына суроо узатып, мелдеш боюнча ой бөлүшүүгө чакырдык.

 Иса Өмүркулов: “КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЧОҢ МААНИГЕ ЭЭ”
– Мындай даражадагы мелдеш өлкөбүздө биринчи ирет өткөрүлдү. Бул бильярддын өнүгүшүнө жол ачат деп ойлойм. Жаңы ысымдардын, жаңы чемпиондордун ачылышы болду, мисалы, Канат Сыдыковдой. Чемпиондук биздин кий чеберлерибизге мол тажрыйба ыроолоп, бильярд сүйүүчүлөрүн кубантты.



Канатбек Бегалиев:“КАНЫБЕК ЧЕМПИОН БОЛОТ ГО ДЕГЕМ...”
– Бильярдды 10 жылдан бери ойнойм. Мелдешке барып, Канатка жан тартып келдим. Уюштурулушуна да жогору баа бердим. Башында ойлогом, Каныбек чемпион болот деп. Анын утулуп калуусу күтүүсүз болду. Анан Канатка күйөрмандык кылдым. Өтө жакшы ойноду.



Кубан Атабеков: “ЖЫЛДЫЗДАРДЫ ПАЙДА КЫЛДЫ”
– Мындай жогорку даражадагы мелдешти бизге ишенип тапшырышты да. Биздин кий чеберлер дүйнөлүк бильярдда бараандуу салмакка ээ. Бул мелдеш бильярдчыларыбызга өсүш апкелип, Канаттай жаңы жылдыздарды чыгарды.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу "Бишкек-2012"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ХАНЗАДА
2012-04-04 18:09:29
Тема эмне жонундо экени дароо корунбойт экен, кубок деген кубок. Бильярд боюнча десе балким тушунуктуу болмок.
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан