EURO 2012: Португалия

ПОРТУГАЛИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1914.
Башкы машыктыруучусу – Паулу Бенту.
Капитаны – Криштиану Роналду (“Реал”, Испания).
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Паулета (47), азыркылардан Роналду (32 голу менен).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Луиш Фигу (127), азыркылардан Криштиану Роналду (87)
Эң ири жеңиши – 8:0 эсебинде Кувейтти (2003-жыл, 19-ноябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 0:10 эсебинде Англиядан (1947-жыл, 25-май).
Жетишкендиктери – "ЕВРО-2000де" коло, "ЕВРО-2004тө" күмүш медаль тагынган.
ФИФАнын рейтингинде 8-орунда турат.

АЛТЫНГА БИР КАДАМ...
Португалия курама командасында алгачкы ийгилиги өлкөнүн легендарлуу оюнчусу Эйсебионун учурунда катталган. 1966-жылкы мундиалда команда тушоосун кесип жатканына карабай коло медаль тагынган эле. Бирок ал доордун өтүшү менен курама команда дээрлик 30 жыл ийгилик жүзүн көргөн жок. 1984-жылы Европа чемпиондугунда дебют жасаса, өткөн кылымдын соңунда жанып чыккан португалиялыктар Луиш Фигу, Руи Кошта, Педро Паулета Португалияны
"ЕВРО-2000де" жарым финалга чейин алып чыгышкан. Португалия көп өтпөй "ЕВРО-2004тү" өз үйүндө өткөрөт. Бирок тарыхта биринчи жолу алтын тагынуу тилегин таш каап, алар сенсациялуу түрдө финалда Грецияга утулуп калат. Ошентип, өз үйүндө дөөлөттү качырган португалиялыктар 2006-жылкы мундиалда 4-орунду алышат. Андан соң жолсуз сапар башталып, "ЕВРО-2008дин" эшигин чейрек финалда, "ЮАР-2010дукун" жарым чейрек финалда жабууга аргасыз болот.

ЮАРДАГЫ ТАГДЫР КАЙТАЛАНАБЫ?
Португалия "ЕВРО-2012ге" бет келмей оюндарында Босния жана Герцеговинаны утуп чыкты. Биринчи оюн 0:0 эсебинде аяктаса, жооптук оюнда пиренейликтер 6:2 эсебинде Боснияны талкалап салышты. Бул оюн менен алар "В" тайпасында сес көрсөтүп турушат. Башкы машыктыруучу Паулу Бенту команданы тайпадан чыгаруу максатын койгонун айтып: "Өлүм" тайпасына туш болуп калдык. Эми күрөшүүдөн башка айлабыз жок”,- деп билдирди. Айта кетсек, 2010-жылы 2 жылдык келишим менен башкы машыктыруучу болгон Бенту мелдеште максатына жетсе, ордунда калуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Анын тайпадан чыгуу максаты өз командасынын мелдештеги башкы талапкер эместигинен кабар берет эмеспи. Серепчилердин кебине ишенсек, португалиялыктарга туруктуулук жетишпейт.
"ЕВРО-2012де" тагдыр бир катадан да чечилип калуусу мүмкүн экенин эскертмекчибиз. Баса, команда көп мезгилден бери жаратман команда деп аталып келет. Хм...балким,
"ЕВРО-2012де" дал ушул жайыңар артыкчылык апкелип жүрбөсүн...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан