"Зидандын соккусу". Зидан 2006-жылкы мундиалдын финалында италиялык Матераццини сүзүп жатканы чагылдырылган эстелик Нью-Йоркто тургузулду.
"Ачка отурганча, айранга нан туурап же" демекчи, ыгы келсе, ылайдан стол жасап бильярд ойносо эмнеге болбосун? Африкалык жеткинчектерден амал качып кутулбайт тура. "Негизгиси акча эмес, каалоо" деген кепке анык мисал.
Буга чейин гезит бетинен атактуу окшошторду көп эле көрсөңүз керек. Жогоруда музыка менен жашаган америкалык рэпер Лудакрис (солдо) жана англиялык "Тоттенхэмдин" футболчусу Бенуа Ассу-Экотто. Окшош бекен?