DVD`НИН ДООРУ БҮТӨТ

Жылдын аягына барып АКШда тасмаларды DVD`ден көргөнгө караганда интернеттен көрүү көбөйөт. Мындай тыянакты белгилүү америкалык аналитикалык компания иликтөө жүргүзүп чыгарган. Жыл ичинде америкалыктар тасмаларды бүткүл дүйнөлүк желеден 3,4 миллиард, ал эми дисктерден 2,4 миллиард ирет көрүшөт. Интернеттин үстөмдүгү арзандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Алсак, америкалык интернет-сервистерде 1 тасма көрүүнүн баасы 50 цент болсо, дисктер 4,7 доллардан сатылат. Пайда жагына токтолсок, тасмалар жазылган дисктерден 2012-жылы 11,1 миллиард доллар киреше табылса, тасмаларды интернет аркылуу сатуудан 1,7 миллиард каражат түшөт. Айта кетсек, АКШда DVD`лердин гүлдөгөн доору 2004-жылга туура келип, учурда популярдуулугу жоголуп барат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
abai
2012-08-18 18:38:19
kow dvd video
+1
omurbek9393
2013-08-30 02:18:25
Эч ким кызыкпай деле калды да.
+1
WwWwWwW
2014-02-06 19:46:05
изде интернет секин го ДВД менен көрөбүз да
0
№ 491, 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан