Эл аралык коомчулукта айтылуу “Coca-Cola” газдалган суусундугунун зыяны айтылып, айрым Европа өлкөлөрү ага тыюу да салганы маалым. Акыркылардан болуп Түркия аталган суусундук чыгаруучу компанияга рецебин ачыкка чыгаруу талабын койгон эле. Эми америкалыктардын өздөрү бул маселеге кайрылышты. Тактап айтсак, Калифорния штатынын бийлик өкүлдөрү “Coca-Cola” менен “Pepsi`нин” рецепттерин өзгөртүүнү мажбурлашты. Эми 4-метилимидазол заты аз өлчөмдө кошулган суусундуктар сатыла баштайт. Штаттын адистери “Coca-Cola” менен “Pepsi`ге” боёк катары колодонулуучу 4-метилимидазол ракка алып келерин, аны аз өлчөмдө колдонуу керектигин айтып чыгышты. Буга жооп иретинде америкалык суусундук чыгаруучулардын ассоциациясы “4-метилимидазолдун адам организмине зыяндыгы илимде далилдене элек” деген жооп кайтарган. Кошумчалай кетсек, “Coca-Cola” менен “PepsiCo” АКШнын газдалган суусундуктар рыногунун 90 пайызын ээлейт.