Жакында Пекинде Феррари автоунаасынын “катышуусунда” жол кырсыгы катталып, айдоочу окуя болгон жерде жан берсе, 2 жүргүнчү оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Мындай караганда катардагы эле кырсык. Бирок полиция каза болгон айдоочунун аты-жөнүн атоодон баш тарткандан кийин ага болгон көңүл буруу күчөгөн. Кытайлык блоггерлер менен журналисттер рулда ким болгонун активдүү талкуулай баштаган учурда күтүүсүздөн каргашалуу окуя тууралуу маалымат бардык интернет порталдардан алынып, кабарлардан да берилбей калган. Кызыгы, “Феррари” деген сөз кырсыкка тиешеси жок макалалардан да алынып салыныптыр.
Айрым маалыматтарга таянсак, рулда Кытайдын белдүү саясатчыларынын бири Бо Гуагуанын уулу, башка маалыматтар боюнча, өлкөнүн саясий бюросунун мүчөсү Цзя Цинлиндин никесиз уулу болгон. "Мындай цензура Кытай жарандарынын арасында "партиялык ишмерлердин балдары бир нече жүз миң долларлык автоунааны кайдан алып айдап жүрүшөт?" деген суроо туулбашы үчүн киргизилди",- деп маалымдашат батыш ММКлары.