"Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов АКШга болгон сапарында сайтыбыздын ал өлкөдөгү активдүү форумчулары менен да жолугушууну туура көрүп, чакан жолугушуу 25-мартта Нью-Йорк шаарында өттү. Жолугушуунун уюштуруучусу Evelet бул жолугушуу тууралуу өзү баяндасын.
"СУПЕР КАБАР"
– Кылычбек Султановдун Америкага сапар алып жатканын Суперстандан окуп калып, cүйүнгөнүмдү сурабагыла. Сөзсүз бул жактагы форумчулар биргелешип коноктошубуз керек деген ой жаралды. Меймандостук деген каныбызга сиңип калган да, келген конокту колдон келишинче коноктоп, көңүлүн алуу ар бир кыргыздын колунан келет. Жөн конок эмес, менин сүйүктүү Кыргызстанымдан келе жаткан, болгондо да мен сүйүп окуган “Супер-Инфо” гезитинин, www.super.kg сайтынын негиздөөчүсү – Кылычбек Султанов. Билекти түрүп даярданууга өтүп, Америкада "Супердин" сайтынын активдүү колдонуучуларын Нью-Йорк шаарында боло турган жолугушууга чакыра баштадым. Аз гана убакыт калгандыктан, ойлоно берип түндө уктабай да калдым. Өзүнчө эле толкундануу. Бул жактын калкы кумурскадай иштерман келишет эмеспи. Иштесең тиштейсиң, ар бир мүнөтүң саналуу. Мен жумуштарымды күнү-түнү иштеп бүтүрүп койдум. Ошентип, “party” 25-мартка белгиленди.
"РЕСТОРАНДЫ КЫРГЫЗДАР ЖААП, КЫРГЫЗДАР АЧТЫ"
– Жолугушуу 25-март күнү, McDonald Avenue'да жайгашкан "Cave" аттуу ресторанда болмой болду. Бизге эч ким тоскоол болбосун деген максат менен ал ресторанды ижарага алып койгон элек. Ал жакка даярдык көрө берели деп эрте барсак эч ким жок, сыртынан бекитилген. Мына сага тамаша дедим. Чый-пыйым чыгып ресторандын администрациясына чала баштадым. 30 мүнөт өткөндөн кийин келип ачышты. Көрсө, ал ресторанда мурунку күнү кыргыздар кече өткөрүшүп, түн бир оокумга чейин иштешкен экен. Эми кайра минтип кыргыздар ачтырып жатканыбызга бир ирет күлүп алдык. Тамак-аштарды заказ берип, дасторконубузду жайып, ресторандын ичин "Супер-Инфо" 10 жашта", "www.super.kg” деген жазуулар менен кооздоп, конокторду тосуп алууга JessikaSam аттуу форумчу менен кам көрө баштадык.
"ТАРАМ-ТАРА-Р-АМ, ТААНЫШЫП АЛГЫЛА!"
– "Жолугушууга келген форумчулар кимдер?" деген суроо ар бириңиздерде туулса керек. Анда тааныштырып өтөйүн. Менин атым Айгүл, 22 жаштамын. Мен
www.super.kg сайтында Evelet деген ник менен катталып, төрт жылдан бери Суперстанда жашап келем. Экинчи үйүм десем да жаңылбайм. Бул сайт аркылуу Кыргызстаным менен байланышып, сагынычымды таратып, акыркы болуп жаткан маалыматтар менен камсыз болуп турам. Америкага ойдо жок жерден эле, бул жакта жашаган туугандарымдын чакыруусу боюнча келгем. 2 жылдан бери ушул жакта окуп, иштеп, кичине да болсо жакындарыма жардам берсемби деп жүргөндөгүм. Алдыга койгон максаттарым көп. Эң негизгиси – кыргыз жеримде тынчтык болсун деп тилейм.
Кыргыздар АКШда көп. Мен мурун Филадельфияда жашагам, ал жактагы кыргыз боордоштор майрам сайын жолугушуп турар элек. Ал эми Нью-Йоркто такыр андай эмес. Таң аткандан баштап жашоо кайнай баштайт. Карап туруп таң каласың, кудум эле актёр Уилл Смит катышкан "Бакытты издей" ("В погоне за счастьем") деген тасма эске түшөт.
Бул жакта ар бир адамдын жүзүнөн жылмаюуну көрүүгө болот, бирок жан дүйнөдөн чыккан жылмаюубу же жокпу, түшүнбөйсүң.
Мен берилип кеттим окшойт, тааныштырууну улантсам. Бул кечени уюштурууга жардам берген JessikaSam, өз аты Самара. Ал 8 айдан бери Нью-Йоркто, таттууларды саткан чоң дүкөндө кассир болуп иштейт. Ал экөөбүз катуу даярданып, күтүүдөбүз. Чынында, ушунчалык толкундандым, тоюмда да мынчалык толкунданбасам керек. Мына, босогону биринчилерден болуп janelya деген ник менен сайтта катталган форумчу аттады. Жаңыл алыскы Пенсильвания штатынан, Хонесдейл шаарынан бери келди. Токтоло кетсем, ал кызыбыз Хонесдейл шаарында окуйт. Жаңы эле таанышып, кобурашып отурганыбызда алыстан келген коногубуз Кылычбек Султанов да кирип келди. Сүйүнүчүбүздө чек жок эле. Андан соң кичине сасык тумоологонуна карабай жаркырап Jyldyz келип калды. Ал Нью-Йорк шаарында жашап, бала багуучу болуп иштеп жатканына 2 жылдын жүзү болуптур. Артынан эле UrMaT1 келип калды. Урмат да Нью-Йоркто, 6 айдан бери официант болуп иштейт. Мына, жолугушуу үчүн жумушун эрте бүтүрүп, шашып success аттуу форумчу да келди. Өз аты Таалай. Эки жыл мурун келген экен, азыр Нью-Йорк шаарынын тарыхый өзөгү болуп калган, асман тиреген бийик имараттары менен белгилүү, айтылуу Манхэттенде гид болуп иштейт.
"ДАСТОРКОН ҮСТҮНДӨ"
– Кечебиз жылуу атмосферада башталды. Кыргызстанды ушунчалык сагынып калыптырбыз, Кылычбек мырзанын ар бир сөзүнө кулак салып, мекенибизде болуп жаткан "ысык" кабарларды таратуучу булакты негиздеген инсанды өзгөчө ынтаа менен угуп отурдук.
Кылыч мырза куру кол келбестен бизге белектерин камдай келиптир, ар бирибизге “Супер-Инфо” гезитин, календарь, футболка жана башкаларды тапшырды. Рахматыбызды кат-катынан айтып, мекенибизден океан басып өтүп келген белектерди алып, футболкаларды дароо эле кийип алдык. Кызыгы, ресторанда бизди тейлеп жүргөн официант жигит да футболкаларыбызга кызыгып, Кылыч байкеден сурап, кудуңдай кийип алды.
"HAPPY END!"
– Сюрпризге “Супер-Инфо” 10 жашта” деген жазуусу бар торт камдаган элем. Баарылап “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары күн санап көбөйүп, мекенинен алыс жүргөн жердештердин башын бириктирген www.super.kg сайтынын колдонуучулары да мүнөт санап арбый берсин, кыргыз элим тынчтыкта, ал эми четте жүргөн мекендештер аман-эсен Кыргызстаныбызга кайталы деген тилек менен шамды өчүрдүк. Шам менен катар биздин жагымдуу кеч да аягына чыкты.
Чынында, көпкө чер жазыша сүйлөшүп отурдук, тамактандык, тамашалаштык. Бизге алыстан көз салган бирөөлөрдө өзүнчө бир бактылуу, чоң үй-бүлө болсо керек деген ой жаралган чыгар. Ооба, бир туугандардай, бир үй-бүлөдөй отурдук. Өз элиңен, жериңен алыста жүргөндө ушундай жолугушуулар мекениңе болгон кусалыкты аз да болсо басат экен. Мен ошого кубандым. "Убакыт – учкан куш" демекчи, тез эле бул жагымдуу кеч финишке жетти. Коштошуп, жөнөп калдык. Бири жумушуна, дагы бири жөн гана эс алууга... Баса, унутуп бараткан турбаймынбы, "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, көптөгөн ийгиликтерди каалайм!
Гүлзат Мамытканова
info@super.kg